Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Армениянын коргоо министри Тоолуу-Карабак талашынын жөнгө салынышына үмүт кылбайт

ЕРЕВАН. Армениянын коргоо министри Серж Саркесьян Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак боюнча талаштын жөнгө салынышына үмүттөнбөй калганын билдирди.Ройтерге берген интервьюсунда Саркесьян талашты жөнгө салуу боюнча жүргөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгаарына көзү жетпей турганын кошумчалады. Тоолуу Карабак - Азербайжандын этник армяндар отурукташкан автономдуу областы. 1994-жылы болгон кандуу согуштун натыйжасында чөлкөм Армениянын көзөмөлүнө өткөн. Саркесьяндын айтымында, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Арменияга кысым жасагысы келет, бирок "койнуна таш катып алып келген мындай элчилердин" аракеттеринен натыйжа чыкпайт, деди Саркесьян.

XS
SM
MD
LG