Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Франциянын өкмөтү Ясыр Арафаттын ден соолугуна байланышкан документтерди бербей койду


ПАРИЖ. Франциянын өкмөтү Ясыр Арафаттын дарылануусуна байланышкан документтерди Палестин өкмөтүнө берүүдөн баш тартты. Өлкөнүн тышкы иштер министри Мишель Барньенин "Европа-1" радиосуна билдиргенине караганда, мыйзам боюнча андай документтер Арафаттын үй бүлөөсүнө гана берилет. Арафат өткөн бейшембиде Франциянын госпиталында каза болгон, бирок анын өлүмүнө эмне себеп болгонун анын үй бүлөөсү да, госпиталдын өкүлдөрү ачыкка чыгарышкан эмес. Мындан мурдараак өкмөт башчы Ахмед Курей палестин жетекчилиги Ясыр Арафаттын оорусуна байланышкан баардык документтерди ачыкка чыгарууну өтүнүп, госпиталга кат жибергенин билдирген.
- Сөз кимдир бирөө эмес, Арафат жөнүндө болуп жатат, ошон үчүн биз ал тууралуу баардык нерсени билүүбүз керек, - деди Курей.
Арафаттын акыркы күндөрүнүн айланасындагы бүдөмүк нерселер араб дүйнөсүндө көптөгөн айың-кептерди жаратууда.

XS
SM
MD
LG