Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Блэр Америка менен Европаны израил-палестин маселесине көңүл бурууга чакырды


ЛОНДОН. Британиянын премьер-министри Тони Блэр Европа менен АКШны Ирак боюнча пикир келишпестиктерди мындай койуп, Израил жана палестиндер сыяктуу глобалдык маанидеги маселелерге көңүл бурууга чакырды.
- Мен демократияны орнотуу үчүн аскердик ыкмаларды колдонуунун тарапкери эмесмин, мен муну дагы бир жолу кайталайм. Адам укуктарын, демократияны, саясий укуктарды кепилдөө үчүн, менин көз карашымда, Америка менен Европа биргелешип аракеттенүүсү керек, - деди Блэр.
Блэр бул билдирүүсүн кечээ Лондондо жасады.
Ал эми Франциянын президенти Жак Ширак Британиянын Таймс гезитине берген интервьюсунда Британия АКШнын антитеррордук компаниясына колдоо көрсөтүп, Иракка басып киргенден, эч пайда тапкан жок, деп айтты. Ширак интервьюсунда Британия АКШ менен Европанын Ирактан улам бузулуп кеткен мамилелерин оңдоодо данакер боло ала турганынан күмөн санаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG