Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Испанияда Мадрид жардырууларына байланышы бар деп табылган өспүрүм бала алты жылга эркинен ажыратылды


Жашы жете электигине байланыштуу соттолгондун аты-жөнү ачыкка чыгарылган жок. 16 жаштагы испан атуулу 11-мартта поезддерди жардырууда колдонулган динамитти уурдап, ташууга жардам бергендигин мойнуна алды. Ал сот залында Испаниянын түндүгүнөн Мадриддеги мороккалык террористтерге жардыргыч затты ташып бергени үчүн 1 миң евро алгандыгын билдирген.

Дагы 20 чакты киши, көпчүлүгү Морокконун атуулдары учурда сот ишин күтүп, абакта отурат. Бул жардырууларда 191 киши набыт болгон эле.

XS
SM
MD
LG