Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

ӨКМӨТ «ТУНДҮКЭЛЕКТРДИ» КОНЦЕССИЯГА БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ СУНУШ МЕНЕН ПАРЛАМЕНТКЕ ЖАКЫНДА КАЙРЫЛАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Шейшемби күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жеенбеков өкмөт «Түндүкэлектр» бөлүштүрүү компаниясын концессияга берүү тууралуу сунуш менен парламентке жакын арада кайрылат деп билдирди. Ал эми энергетика секторун менчиктештирүүгө каршы депутаттардын тобу «Концессия жөнүндө мыйзамга» кол коюла элек, ошондуктан өкмөттүн андай сунуш киргизүүсүнө азырынча негиз жок» дешет.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жеенбеков шейшемби күнү журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, Мыйзам чыгаруу жыйыны концессия жөнүндө мыйзамды кабыл алганын, өкмөт эми «Түндүкэлектр» акционердик коомун концессияга берүү тууралуу сунуш менен палатага келүүгө камданып жатканын билдирди:

- Мен ушул бейшембиде же жакын арада биз мыйзамдын долбоорун кароону сурап,(парламентке) кайрылыбабыз деп ойлойм - деди Равшан Жеенбеков маалымат жыйында.

Ал «Түндүкэлектр» концессияга кандай шарт менен берилери жөнүндө конкреттүү эч нерсе айткан жок. Электр энергиясынын тарифи кандай болорун, компаниянын аласа-бересесин эмне кылуу керек экендигин жана башка ушул өңдүү маселелерди иликтеп, келишимдин долбоорун даярдоо үчүн өкмөт атайын кеңеш берүүчү компания жалдайт. Министрдин айтымында, компанияны концессияга берүүгө байланыштуу иштер болжол менен 1,5 жылга созулат. Парламент аны эки жолу кароодон өткөрөт:

- Уруксат бергенден кийин, биз 2-3 ай ичинде концессиялык келишимдин долбоорун түзүп, парламентке кайра алып келебиз, - деди Равшан Жеенбеков.

Ал өз сөзүндө «Түндүкэлектр» кимге берилери азыр чечиле электигин, ал тендер аркылуу аныкталарын белгиледи:

-Мен аны концессияга алууну каалагандар болот деп ойлойм. Аалардын ичинде Орусиянын РАО ЕСи, канадалык бир компания бар болчу, – деди Равшан Жеенбеков.

Энергетиканы менчиктештирүүгө каршы болуп, бул маселени парламент караганда анын ишине катышпай жүргөн депутаттардын тобуна кирген Исмаил Исаков «Концессия жөнүндө мыйзамга» президент кол кое электигин айтып, андай сунуш менен парламентке келишине өкмөттүн укугу жок экендигин белгилейт:

- Азыр аны кароого негиз жок. Аны өкмөт алып келүүгө мыйзам жол бербейт. Анткени биз «Концессия жөнүндө мыйзамга» Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген жоболорду киргизип, Акаевге жөнөткөнбүз. Президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин гана мыйзам «Түндүэлекторо» жөнүндө маселени кароого мүмкүнчүлүк берет, – деди Исмаил Исаков биз менен болгон маегинде.

Депутат кабыл алынган мыйзамда концессияга берилчү ишканалардын тизмесин да парламент бекитери көрсөтүлгөндүгүн, өкмөт адегенде ошол ишканалардын тизмесин бериш керек экендигин, андан кийин гана парламент «Түндүкэлектр» жөнүндө маселени карай аларын эскертет.

Бирок айрым эксперттер «Концессия жөнүндө мыйзамга» кол коюла электигине карабай, өкмөттүн «Түндүкэлектрди» концессияга берүүгө макулдук сурап парламентке кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Жакында болуп өткөн Эл өкүлдөр жыйынын сессиясында да бул маселе көтөрүлүп, депутат Муратбек Мукашев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Крис Лавлейстин президентке жазган катын окуп берген болчу. Аталган эл аралык уюм парламентке президенттин өзү барып болсо да,андан маселени оң чечүүнү суранган.

- Бул жерде «парламент маселени кайра кароо жана бул зарыл мыйзамды кабыл алуу үчүн парламент жана коомчулук менен интенсивдүү иштейбиз деп сиздин администрацияңыз ишендиргенине карабай, биз парламенттин ишине сиздин өзүнүнүздүн катышууңузду сурайбыз» деп жазылган, – деди Муратбек Мукашев Крис Лавлейстин катынын тиешелүү жерин окуп.

XS
SM
MD
LG