Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

18-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 18-ноябрда республикада күн ачык болот. Чыгыш-батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

ЧҮЙ өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн –2 градус сууктан +3 градуска жылуу, күндүз +13…+18 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн 0…-3 градус суук болсо, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.
Ал эми БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13 градустан +18 градуска чейин жылыйт.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн –1 градус сууктан +4 градуска жылуу, чыгыш тарабында 0…-5 градус суук болот. Күндүз +8…+13 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн –1…-6 градус суук, күндүз +6…+11 градус жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ түнкүсүн +1…+3, ал эми күндүз абанын жылуулугу +15…+17 градуска жетет.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева менен Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG