Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Жалалабад обласында келээрки парламенттик шайлоого байланыштуу жыйын өттү


ЖАЛАЛАБАД. Жыйынга облустагы жергиликтүү бийлик менен тармактык жана бей өкмөт уюмдарынын, шайлоо комиссиялардын, күч органдарынын жетекчилери катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев парламенттик шайлоого чейин 10-октябрдагы жергиликтүү кеңеш шайлоосунан байкалган кемчилик мүчүлүштүктөрдү четтетүүнүн жолдорун белгиледи. Шайлоо кодекси жана талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо комиссияларынын сабаттуулугун өркүндөтүү ою ортого салынып, Жогорку Кеңеш шайлоосунун мыйзам бузууларсыз жана тынч өткөрүүгө бийлик менен коомчулук кызыкдар болуусуна басым жасалды. Бийликчил уюмдардын өкүлдөрү арбын киргендиги айтылган кеңешмеде шайлоо комиссиялары менен шайлоочулар тизмесин түзүүдө алешемдик көп экени жөнүндө сөз жүрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG