Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Өкмөт башчы Николай Танав Ыссыккөл обласында иш сапар менен болду


КАРАКОЛ. Республиканын премьер-министри Николай Танаевди коштогон чакан топ Каракол шаарындагы лыжа базасынын кайра калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Облустун губернатору Токон Шайлиева бул лыжа базасын эл аралык деңгээлине жеткирүү үчүн беш миллион сом инвестиция келерин маалымдады. Өкмөт башчысы Николай Танаев облустун борборундагы суу топтоочу жана суу тазалоочу жайларынын ушул таптагы абалын көрүп, калкты иче турган таза суу менен камсыз кылуу боюнча суроо талаптарын толук ишке ашыруу үчүн материалдык колдоолорунун керектигине кыскача токтолду. Өкмөт башчысын коштогон чакан топ Москвадагы Менеджмент жана укук институтунун Каракол шаарындагы ачылышынын он жылдыгына карата уюштурулган маданий массалык иш чараларга күбө болуп, андагы жаңы жабдылган информатика кабинеттери менен таанышты. Аталган окуу жай директору Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын депутаты Таалайбек Абдылдаев Николай Танаевге окуу жайдын ардактуу профессору наамын ыйгарды.

XS
SM
MD
LG