Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Мамлекет башчы Германияга иш сапары менен барат


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев 17-ноябрдан 20-ноябрга чейин Германияда иш сапары менен болот. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Аскар Акаев 19-20-ноябрда Берлинде өткөрүлө турган онунчу Европа форумуна катышып, Европа биримдиги менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз сүйлөйт. Ошондой эле Аскар Акаев иш сапары учурунда Германиянын президенти Хорстом Келер, канцлер Герхард Шредер жана башка расмий адамдар менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Ооганстан, Ирактагы коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу пикир алмашуу болот.

XS
SM
MD
LG