Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Ош шаарындагы тергөө абагында отурган атуулдар нааразылык акциясын уюштурушту


ОШ. 16-ноябрь күнү түштөн кийин №5-тергөө изоляторунда нааразылык толкундоолор башталып, аталган мекемедеги шартка жана аларга жасалган мамилеге нааразылыгын билдирген 18 адам өздөрүнүн билек кан тамырларын кесүүгө чейин барышкан. Өзүнүн атын атабоону суранган аталган мекеменин бир кызматкеринин маалыматына караганда, аталган тергөө изоляторундагылар кечетен бери мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашып, жазаны өтөө мекемелеринин башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен түздөн түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылышууда. Бул окуя боюнча аталган мекеменин башчылыгы жана атайын прокуратуранын өкүлдөрү малымат берүүдөн баш тартышууда. Бүгүн түшкө жакын карай мекеменин ичине кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алган «Луч саламона» укук коргоо уюмунун өкүлү Садык Махмудов нааразылык толкундоолорунун улантылып жаткандыгын айтып, кече кечинде билек кан тамырын кесип алган 18 адамга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндүктөн алардын өмүрү сакталып калгандыгын билдирди. Бизге жеткен акыркы маалыматтарга караганда, аталган мекеменин жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүнө карабастан тергөө изоляторундагылар тамактануудан баш тартышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG