Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

ТҮРК АРМЯН ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕРИ


Тоолуу Карабак жаңжалы жана геносид маселесинен улам, Армения менен Түркиянын байланыштары начар бойдон сакталып кала берүүдө. Армения геносид жөнүндөгү саясатынан баш тарткандыгы тууралуу басма сөздөрдө кийики убакыттын ичинде жарыялаган кабарларды төгүндөп, бул маселени Евробиримдиктин күн тартибине киргизиш үчүн аракетке өткөндүгү байкалат.

Эмки айда Анкара менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоо тууралуу чечим чыгып калган абалда, алдыдагы 10 жылга Түркия менен Евробиримдиктин мамилелеринде эң эле өзөктүү маселелердин бири болору күн мурунтан эле даана байкалып турган Түркиянын Армения менен байланыштары, кийинки күндөрдүн ичинде таралып жаткан көз боемочулуктун негизинде, Түрк, Азери жана Армения маалымат каражаттарында курч талаш-тартыштарды пайда кылды.

Кептин учугу, 29-октябрь күнү, Армения жумуруятынын экономика жана Каржылоо министири Павел Сафаряндын, 2005-жылга мамлекеттик бюджетин долбоорун парламентке сунуш кылуусу менен чубалып кетти. Бул тууралуу кабарлаган АРМИНФО маалымат кызматына таянуу менен Түркиянын Анадолу Кабар Агенттиги 6-ноябрь күнкү кабарында, “Армения өкмөтү сунуш кылган бюджеттин долбооруна, мурдагы жылдардагысынан айырмаланып быйыл, “геносид” делинген талап киргизилгенин” билдирди. Ошондон улам, азери жана түрк басылмаларында, “Армения геносид жөнүндөгү талаптануусунан баш тартып жаткансыйт”, “армениянын тарыхый чечими” деген кабарлар басылып бул маселенин тегергиндеги талаш-тартыштар күчөп кетти. Армениянын басма сөздөрүндө болсо, бул айтылган кабарларды төгүндөгөн мүнөздө комментарийлер жарыяланып, Ереванда чыгуучу АЗГ гезитинин 10-ноябрдагы санында комментатор Хакоп Чакырйан, таралып жаткан кабарларды “Азербайжан менен Түркиянын, эл-аралык коомдук пикирди адаштыруу максатын күткөн” иш-чарасы катары мүнөздөп чыкты.

Талаш-тартыштарга кийинирээк Армения жана Түркиянын тышкы иштер министирликтери да тартылып кетип; адегенде Армениянын тышкы иштер министирлигинин басма сөз өкүлү Хамлет Гаспарян 10-ноябрь күнкү баяндоосунда, “Армениянын 1915-жылдагы геносиддин эл-аралык чөлкөмдө кабыл алынуусу тууралуу саясаты алмашпаганын, жана бул маселе Еревандын тышкы саясатындагы башкы приоритет бойдон кала бергенин” билдирди. Ал ошондой эле, бул маселе, мурдагы бюджеттерге да киргизилбей келгенин кошумчалады. Түркиянын министирлик өкүлү да айткан сөзүндө, Армениянын тышкы саясатында кандайдыр бир өзгөрүш жок экенин билдирди.

Кыскача токтоло кете турган болсок, СССР ыдырап кеткенден кийин Түркия менен Армениянын байланыштары, геносид маселеси жана Тоолу Карабак конфликти себептүү өнүгө албай келди. Анкара Армения жумуруятын расмий түрдө тааныса дагы, аны менен дипломаттык байланышка өткөн жок. Армения, Кавказ чөлкөмүндө тарыхый жана географиялык себебтерден улам, кудум бир анклав сыяктуу обочолонгон абалда. Анкаранын пикиринде, дээрлик диаспорадагы телегейи текши армяндардын тукуруусу менен күн тартибинен түшпөй келген Геносид маселеси себептүү Еравандын Анкара менен мамилелери өнүкпөй, бул өз учурунда ансыз деле жардын кырында турган Армениянын экономикасына, элинин соцалдык жашоо-турмушуна жана тышкы саясатына терс таасирин тийгизип келе жатат. Жумушсуздук жана кедейликтен улам Армениянын көптөгөн сандагы жаштары Россия жана башка мамлекеттерге көчүп, өлкөнүн калкынын саны улам жукаруунун үстүндө. Армения күн өткөн сайын ички жана тышкы саясатында Россияга көз каранды боло берип, бул болсо өз учурунда батыштык өлкөлөрдү кабатырга салып олтурат. Европарламенттин тышкы иштер боюнча комиссиясынын кечөкүнкү жыйынында дагы, Түрк-Армян байланыштарынын башкы маселе катары талкууга алынышы бекеринен емес. Армениянын президенти Роберт Кочарян өткөн жакын арада Европарламенттин төрагасы Йосепх Борреллге кат жиберип, “Түркия геносидди кабыл алсын; Анкаранын геносидди тааныбай жатышы, Түркиянын биримдик менен мамилелерине тоскоолдук кылып жатат” деп бышыктады. Ал ошондой эле, Евробиримдиктен Түркияга, Армения менен болгон чегараларын ачуу жөнүндө кысым жасалуусун талап кылды.
XS
SM
MD
LG