Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

КОНДОЛИЗА РАЙС АКШНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫЛЫГЫНА СУНУШ КЫЛЫНДЫ


16-ноябрь күнү Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Мамлекеттик катчылыкка Кондолиза Райсты сунуш кылды. Акыры төрт жыл бою АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси болуп иштеген Райс айым дүйшөмбү күнү кызматтан кеткен Колин Пауэллдин ордун ээлейт. Буштун сунушун республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенат бекитсе, Кондолиза Райс жогорку өкмөттүк орунга дайындалган биринчи теги африкалык аял болот. Райска чейин аялдардан теги чехиялык Мадлен Олбрайт гана Мамлекеттик катчы кызматына көтөрүлгөн.

Шейшемби күнү президент Жорж Буш Коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс айымды Мамлекеттик катчылыкка көрсөттү:


– Доктор Кондолиза Райсты Американын Мамлекеттик катчы кызматына чоң ыкласым менен сунуш кылам. Конди Райсты америкалыктар жана көпчүлүк дүйнө өлкөлөрү билишет. Мен акыркы төрт жылда анын кеңешине таяндым, бай тажрыйбасын пайдаландым. Анын үнүнө жана туруктуу көз карашына ынандым. Өзүм жетектеген өкмөттө иштөөгө макулдук бергенине мен сыймыктанам.

Райс айым, 90-жылдардын башында Жорж Буштун атасы президент кезде Улуттук коопсуздук кеңешинде советтер союзу боюнча кеңешчи болуп иштеген.
Жорж Буш дүйшөмбү күнү кызматтан кеткен Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин ишине жогорку баасын берди:

– Конди экөөбүз биздин досубуз, Мамлекеттик катчы Колин Пуэлл менен чогуу иштешкенибизге сыймыктанабыз. Ал Американын тарыхындагы абдан ишмер жана көрүнүктүү дипломаттардын бири.

Райс айым Сенатта бекитилгенге чейин, Пауэлл кызматын уланат берет
Райс өз сөзүндө президент Буш өткөн төрт жылда жасаган иштерге токтолду:


– Сиз менен акыркы төрт жылда иштөө мен үчүн сыймык жана урмат. Бул улутубуз үчүн кризистин, чечкиндүүлүктүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн жылы болду. Америка- Сиздин жетекчилигиңиз астында- терроризмге каршы ийгиликтүү согушууда. Сиз миллиондогон адамдарды зулумчулуктан бошотуу үчүн түзгөн теңдешсиз каолиция ушу тапта Ирак жана Ооган элине Мусулман дүйнөсүнүн чордонунуда демократияны курууга көмөктөшүүдө.

Жекшемби күнү 50 жашка толгон Кондолиза Райс ийгиликтүү саясый карьерасы жана президент Жорж Бушка бериле кызмат кылганы менен белгилүү. Кондолиза айым Коопсуздук маселеси боюнча АКШ президентинин кеңешчиси болгон биринчи аял. Парламенттин жогорку палатасы-Сенат Жорж Буштун сунушун колдоп берсе, Райс Мамлекеттик катчылыкка дайындалган экинчи аял, ал эми АКШнын бийлик сересиндеги мартабалуу өкмөттүк кызматты ээлеген теги африкалык биринчи аял киши болот.
АКШнын тарыхындагы биринчи аял Мамлекеттик катчы Мадлен Олбрайт айым болгон.

Ал президент Буштун Иракка согуш ачуу чечимин кебелбестен туруп колдогондуктан, “согуш каныкеси” деген лакап атка конгон.

Талдоочулардын айтымында, Райс айым тышкы иштерде, Пауэллден айрымаланып, өкмөт мүчөлөрү менен бирдей саясаттын карманат. Ирак согушуна башынан каршы турган Германия жана Франция Пауэллди Ак Үйдүн “согушчул” канатынын таасиринин чектеген саясатчы катары көрүшчү.

Париждеги Евросоюздун Коопсуздукту изилдөө борборунун талдоочусу Антонио Миссироли эгерде президент Буштун командасы тышкы саясатта бир пикирде болушса, трансатлантикалык байланыштар үчүн жакшы деп санайт:

– Эгерде Конди Райс АКШ администрациясынын мүчөлөрүнө окшош саясатты карманса, европалык катары, мен аны колдойм. Себеби, Райс айым АКШнын тышкы саясатына жооптуу инсан болгондуктан, Ак Үй администрациясы менен реалдуу сүйлөшкөнгө негиз болот.

Байкоочулар Райс айым Коргоо министри Дональд Рамсфел менен Колин Пауэллдин тирешүүсүнө жол койгонун, анын кемчилиги катары баалашат.
Ошол эле мезгилде Райстын Мамлекеттик катчылыкка келиши менен, АКШнын Россияга болгон мамилеси чукул өзгөрүп, ал эми Батыш Европа өлкөлөрү менен тыкыз кызматташуу башталышы мүмкүн экени айтылууда.
Миссиролинин пикиринде:

– Конди Райстын Россия боюнча бай тажрыйбасы европалыктар үчүн кызыктуу болушу ыктымал. Анткени, Кошмо Штаттары менен Европа өлкөлөрү- Батыш менен Чыгышты жөөлөштүрүп жаткан -Украина жана Түштүк Кавказ маселесинде өз ара кызматташууну бир кыйла жакшыртышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG