Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

БУУнун КОМИТЕТИ ИРАНДЫ АЙЫПТАГАН РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛДЫ


Бириккен Улуттардын баш жыйынынын комитети Иранда сөз эркиндиктеринин жана адам укуктарынын тепселишин айыптап чыкты. Адам укуктары комитети кабыл алган резолюция Иранды юриспруденция, жазалоо тармактарын реформалап, аялдарды жана диний азчылыктарды дискриминациялоону токтотуугa чакырат. Иран бул айыптоолорду кабыл алган жок. Резолюцияга бир катар өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында, Кыргызстан да каршы добуш берди.

Ушуну менен Бириккен Улуттардын генералдык ассамблеясынын адам укуктары комитети экинчи жыл катары менен Ирандагы укук бузууларга тынчсыздануу билдирген резолюция кабыл алды. Резолюцияны комитеттин 69 мүчөсү колдоп, 55 өлкө, анын ичинде Кыргызстан каршы добуш берди. 51 мүчө өлкө калыстыгын билдирди.

Резолюцияны эки жыл катары менен Канада сунуш этти. Канаданын элчиси Аллан Рок бул кадам Ирандагы кырдаалдын оңолушуна салым кошот деген ишенимин билдирди:

- Биз ушул резолюция менен өз оюн билдирүү укугу жок, куугунтуктан запкы тарткан азчылыктардын, дискриминацияланган, каатчылыкка кабылып, кордук көргөн аялдардын жашоосун жакшыртууну көздөйбүз.

Резолюцияда айрым жылыштар бар экени белгиленет. Мисалы Иранга БУУнун адам укуктары боюнча адистери барып келишти, ошондой эле Иран бир нече өлкө менен адам укуктары жаатында сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бирок Аллан Рок жалпысынан өлкөдө кырдаал өткөн жылдан бери начарлап кеткендигин белгиледи. Резолюция аткарылышы милдеттүү болбогон символикалык маанидеги документ.

Ирандын БУУдагы элчиси Пайманех Хастех резолюцияны жалаа деп четке какты. Ал өткөн жылы канадалык фото журналист Захра Каземинин ирандык түрмөдө каза болушунан улам, резолюция киргизилген деп айыптады.

Иран соту өткөн жайда Казиминин өлүмүнө шектүү башкы айыпталуучунун үстүнөн сот ишин токтотууга өкүм чыгарган эле. Бул кадам Канада менен катар, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади жетектеген Каземинин коргоочулар тобунун нааразылыгын пайда кылган.

Пайманех Хастех комитетте Каземинин өлүмүн иликтөө уланып жаткандыгын билдирип, Иранды айыптаган резолюциядан майнап чыкпайт деп эскертти:

- Мындай мамиле Исламдык Иран Республикасынын өкмөтү баштаган эки жана көп тараптуу кызматташттык жана диалог жараянына тескери таасирин тийгизет.

Иранга каршы резолюцияны европалыктар, Кошмо Штаттары жана Латын америка өлкөлөрү колдоп чыкты. Исламдык мамлекеттер менен катар, КМШ өлкөлөрүнөн Орусия, Беларус жана Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү ага каршы добуш берди.

Пакистандын өкүлү Биллал Хае Исламдык конференция уюмунун атынан чыгып сүйлөп, резолюция адам укуктарынын оңолушуна жардам бербейт деди:

- Бул документ өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдү бир-биринен алыстатып, адам укуктары маселеси боюнча эл аралык тирешүүнү жаратат. Бул Бириккен Улуттардын көздөгөн максатына шайкеш келбейт.

Бирок Чех жумуриятынын өкүлү Ивана Гролова резолюция кабыл алынган 17-ноябрда анын өлкөсү Чехословакияда коммунизмдин кыйрашынын 15 жылдыгын майрамдап жаткандыгын белгилеп, резолюцияга колдоо билдирди.

XS
SM
MD
LG