Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Ошто музей ачылды


ОШ. Музейдин ачылыш салтанатына Ош облусунун губернатору Накен Касиев, СССР эл сүрөтчүсү, Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков, шаар тургундары, окуу жайларынын студенттери, окутуучулар катышты. Губернатор Накен Касиев өз сөзүндө музейдин эски имаратын кайра калыбына келтирүү, ремонттоо иштерине облус казнасынан бир жарым миллион сом акча каражаты сарыпталгандыгын айтып, аталган сүрөт музейи атуулдардын, айрыкча жаштардын көркөм эстетикалык табитинин, маданиятынын жогорулашына чоң түрткү берет деген пикирин билдирди. Учурда музейдин көргөзмөсүнө Флекман, Деймант, Мирошниченко, Мануйлова сыяктуу дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөрдүн эки жүзгө жакын эмгектери коюлган. Мындан сырткары кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн башатында турган Гапар Айтиевдин, Акылбековдун, Кожакметовдун, Усубалиевдин жана Керимбековдун эмгектерине музейдин атайын көргөзмө залы ачылган.

XS
SM
MD
LG