Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Жалалабат облусунун прокуратурасы маалымат жыйынын өткөрдү


ЖАЛАЛАБЫД. Прокурордун орун басары Абибилла Тажыбаев билдиргендей каржы башкармасынын кызматкерлерине ачылган кылмыш иш алдыдагы шайлоого байланыштуу эмес. Маданият тармагы менен «Азадабегим» эстрадалык тобуна каражаттар мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, республикалык казна эсебинен имарат оңдолгон. Ишканага мебель сатып алынып ашкана, сауна курулган. Каржы башкармасы Эркин Бегимкуловду коргоого Аксы жана Алабука аймагынан шайлоочулары митингке чыгуу алдында турат деген маалымат негизсиз. Нааразылык акциясы уюштурулса, анын демилгечилери жооп берет. Өткөн аптада облустук кеңештин депутаты Эркин Бегимкулов турак жайга 420 миң сом бербегени үчүн текшерүүлөрдү уюштурууда деп облустун прокурорун кызматтан кетүүсүн талап кылган.

XS
SM
MD
LG