Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Саламаттык сактоо уюмдары жаңы мыйзам менен иштейт


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте “Саламаттыкты сактоо уюмдарын уюштуруу иштери” боюнча мыйзамды келечекте турмушка ашыруу жолдорун талкууоого байланыштуу тегерек үстөл өткөрүлдү. Жыйында жаңы мыйзамга ылайык саламаттык сактоо министрлигининин милдеттери, Кыргызстандын атуулдарынын денсоолугун коргоо, медицина кызматкерлеринин, бейтаптардын укуктарын сактоо, министрликке баш ийген бейтапкана ооруканалардын өз алдынча ишкердүүлүгүн, жоопкерчилигин күчөтүү, финансылык, юридикалык, уюштуруу маселелери талкууланды.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны
“Саламаттыкты сактоо тармагынын уюштуруу иштери” боюнча мыйзамды кабыл алган. Кийинки эки жыл аралыгында аталган палата тарабынан Саламаттык сактоо тармагына байланыштуу негизги 3 мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG