Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Башкы прокуратура тарабынан 465 чиновниктин үстүнөн кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Жыл башынан тарта Кыргызстанда мамлекеттик органдарда иштеген 465 жооптуу кызматкердин үстүнөн кылмыш иши козголду. Алардын ичинен 265-и саламаттык сактоо, ички иштер, билим берүү жана башка министрликтердин жооптуу кызматкерлери, ал эми 205-и райондук деңгээлдеги кызматкерлер. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн баш прокурорунун орун басары Учкун Каримов маалымдады. Башкы прокуратуранын Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкарламыгынын жетекчиси Канат Аманкулов билдиргендей, Ош шаарындагы СИЗОдо 16-ноябрь күнү орун алган окуя боюнча учурда тергөө иштери прокуратура тарабынан жүргүзүлүүдө. Баш прокуратуранын жаза өтөө жайларындагы атуулдардын укуктарын коргоо боюнча башкармалыгынан алынган маалыматка караганда жыл башынан тарта өлкөдө жаза өтөө жайларында милиция кызматкерлери тарабынан 200гө жакын уруп сабоолор катталган.

XS
SM
MD
LG