Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүгө саясий эрк жетишсиз


БИШКЕК. Кыргызстанда коррупцияланган элементтер мамлекеттик башкаруу структураларына кириши алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого, өлкөнүн келечегине терс таасирин көрсөтүшү ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Маркус Мюллер, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, өлкөнүн баш прокурорунун орун басары Учкун Каримов, Демократиялык башкаруу боюнча Консультативдик Кеңешинин өкүлү Кубанычбек Өмүралиев өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Алардын айтымында Кыргызстанда бүгүнкү күндө коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүүгө мыйзамдык шарттар бар, бирок, саясий эрк жетишсиз. Соңку жылдары өлкөдө кеңири тамыр жайган коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө администартивдик, салык жана башка тармактардагы реформаларды тиешелүү деңгээлде жүргүзүү, КМШ өлкөлөрүнүн, башка чет өлкөлөрдүн да бул багыттагы тажрыйбасын пайдалануу абзел.

XS
SM
MD
LG