Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

АРАКЕЧ АЙЫЛ, ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТИН КАРШЫЛЫГЫ, ГЕНЕРАЛДЫН ОСОЛДУГУ


Алыскы тоо арасындагы айылдын 200 түтүн эли жыл бою орточо эсеп менен 3 миллиондон ашуун сом акчаны аракка жумшайт. Чет элдик уюмдун көмөгү менен жергиликтүү дарыгерлер жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгына ынансак, бир жылда орточо үй-бүлө жакшы жылкынын баасындагы акчаны «жинди сууга» чачып жиберет. Элди адеп-ыйманга үндөгөн улуттук дөөлөт жыйынын айкөл Манастын күмбөзүнүн жанында өткөрүүгө жергиликтүү бийлик каршы чыкты.

Оболу аракечтиктин сазына түшүп бараткан айылдын чоо-жайына токтоло кетели. Бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарлаганына караганда Швейцариянын Кызыл Чырым коомунун жардамы менен жергиликтүү дарыгерлердин иликтөөсү айыл эли аракечтиктин сазына белчеден батып баратканын көрсөттү. Элеттиктер көбүнесе жасалма аракка өч. Калктын антип ичип кетишине жумушсуздук, маданий-агартуу иштердин жүргүзүлбөгөнү себеп болууда деп бүтүм чыгарат гезит автору Азамат Касыбеков.

Калктын саламаттыгы жылдан-жылга начарлап, медициналык академия чаласабат дарыгерлерди даярдап чыгарып жатканы академик Мамбет Мамакеевдин ушул эле гезитте жарыяланган маегинде маалымдалат. Экономикалык кыйынчылыктан улам элдин көбү дарыгерлерге кайрылбай калышты, ошондуктан оорусу өтүшүп кеткендердин, набыт болгондордун саны көп, дейт академик М.Мамакеев.

«МСН» гезитинин жума күнкү санында Эсенбай Нурушевдин «Кыргызбайлыктын өкүмзордугу» деген макаласы жарыяланууда. Анда автор Кыргызстандагы соңку саясий окуяларды талдоого алган. Эмдиги жылкы парламенттик, президенттик шайлоодо атаандаштык эл менен бийликтин ортосунда болору депутат Адахан Мадумаровдун маегинде баяндалат. Ушул эле гезитте журналист Юрий Груздовдун «Генералдын осолдугу» деген макаласына да орун берилүүдө. Анда Кыргызстандын Ички иштер министри Бакирдин Суванбековдун темир жол милициясын жоюу тууралуу буйругу мыйзамга кайчы келгендиги маалымдалат. Министрдин буйругу туура эместигин аскер соту, жакында болсо Бишкек шаар соту тастыктады. Ички иштер кызматынын темир жол башкармалыгын Жаныбек Бакиев жетектечү.

9-ноябрда Улуттук дөөлөт мурастарды сактоо кыймылынын демилгеси менен Таластагы «Манас» ордодо түлөө өткөрүүгө жергиликтүү бийлик кантип каршылык көрсөткөнү жума күнкү «Аалам» гезитинде кенен баяндалмакчы. Басылманын жаңы санында Көлдөн Бишкекти көздөй белгилүү фермер Досумбай Дүйшалиев дагы жөө жүрүшкө чыгууга камданып атканын маалымдаган кабарга да орун берилген. Ал «Кол жеткис Акүйгө ой жетеби?» деп аталат. Бул басылмада да парламент депутаты Адахан Мадумаров менен маек жарыяланууда. Гезит окурмандары менен анын кесиптеши Ташболот Балтабаев да ой бөлүшкөн.

Жума күнкү «Агым» гезитинде да шайлоо темасы козголууда. Аны басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленовадан уксак.

- Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү», «Политбүйрө билдирет» рубрикасынын алдында кимдер кызматтан кетиши күтүлөрү, кайсы партиялар биригери тууралуу божомолдорго орун берилген. «Коштошор аяк келдиби?» деген макалада гезит бетинен түшпөгөн депутаттарга мүнөздөмө берилет. Губернаторлордун кимиси шайлоодо ат салышары жөнүндө «Ким шайлоого катышат?» макаласынан таанышсаңыздар болот?

Редактор Болот Таштаналиев «Кыргыз руху» гезитинде кандай материалдар жарыяланып жатканын айтып бермекчи:

- «Абийирге альтернатива жок» деген аналитикалык мүнөздөгү макала жарыяланып жатат. Жакында эле Америкага барып келген Жыпар Жекшеев менен болгон интервью жарыяланууда. Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашевдин энергетика тармагындагы абал жөнүндө баяндаган маеги жарык көрүүдө.

«Бишкек таймс» гезитинде да биртоп кызыктуу материалдар чыгууда. Аны менен Базарбай Гапаров тааныштырат.

- Курманбек Бакиев жакында эле президенттикке барары тууралуу сөз тарабады беле. «Бишкек таймстын» жаңы саны Курманбек Бакиев президенттикке татыктуубу, деген суроо менен башталат да ага белгилүү саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер өзүнүн пикирлерин билдирген.
XS
SM
MD
LG