Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

ПУТИН ОРУСИЯДА ЯДРОЛУК КУРАЛДЫН ЖАҢЫ ТҮРҮ ЖАЗАЛЫП АТКАНДЫГЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Маскөөдө 17-ноябрде, Орусиянын куралдуу күчтөр жетекчилик составынын ар жыл сайын өтүүчү олтурумунда, президент Владимир Путин, жакынкы жылдары сейрек кездешүүчү ракеталык - ядролук курал чыгарылат деди. Бийлик мындан ары куралдуу күчтөр кубатын арттырууну «өжөрлүк менен ырааттуу жүргүзүп» аны «ядролук курал менен» толуктайт деди. Агенттиктер орусиялык лидердин жарыясы башка өлкөлөрдө кыйла чочулоону пайда кылганын белгилешет. Баллистикалык ракетанын жаңы муунун жазоо тегерегиндеги пикирлерге.

Орусиянын армиясы жакынкы жылдары ракеталык-ядролук куралдын жаңы түрүн пайдалана тургандыгын президент Путин жарыялап, ал жерде, андай курал ядролук курал кармаган мамлекеттердин биринде да жок деп эскертти.

- Бизде ракеталык-ядролук системанын жаңы түрлөрүн изилдөө жана сыноо гана жүргүзүлбөйт. Жакынкы жылдары алар колдоонуга берилерине мен ишенемин. Болгондо да алар ядролук куралы бар мамлекеттерде жакынкы жылдары чыгара албагыдай үлгүдө жазалат, - деди Путин.

Дүйнөлүк агенттиктер «Путин кимге эскертүү жазап атат?» суроо астында айрыкча ядролук куралы бар мамлекеттер кулак түрүштү деп жазышкан

АКШ мамлекеттик департаменитинин өкүлү Скотт Маккелан шаршембиде жазаган билдирүүсүндө Орусиянын ядролук курал жазап атышы Вашингтонго мурдатан белгилүү болуучу. Маскөөнүн ядролук куралы АКШ үчүн коркунуч туудурбайт деген. Ошол эле учурда РИА «Новости» агенттиги жазганга караганда, Владимир Путиндин жарыясы АКШ президенти Жорж Буш админстрациясынын кыйла кызыгуусун туудурган.

Шаршембиде биздин үналгынын Нью-Йорктогу кенсесинде маектешкен америкалык согуштук анализчи Стивен Бланк мындай деген:

- Кантсе да, Орусия, деңизде жүрүүчү «Булава» ракетасын жана аткан бутаны ээрчип барып өзү тийүүчү октуу «Тополь» ракетасын өндүрүп болууга чукул калган..

Андан ары кебинде америкалык эксперт куралдардын жаңы түрүн чыгаруу табыйги көрүнүш экенине токтолгон.Стивен Бланк Маскөөнүн жаңы куралы АКШга коркунуч туудурабы деген суроого:

- Жок. Орусия биздин жоо эмес. Биз бирге террорчулукка каршы күрөшүп атабыз. Маскөө жаңы куралды иштеп чыгууда артык баш чыгымга учурайт. Азыр анын армиясынын төрт гана жаңы ракета сатып алууга жеткидей каражаты бар. Америкалык ишке келсек Ак үй ядролук куралдын жаңы түрүн, жердин астына - кыйла тереңдикке салынган бункерди тешип кеткидей куралды жазап атат. Бул программа ачыктан ачык айтылып коомчулук талкуусу астында жазалууда, - деген америкалык согуштук эксперт.

Орусиялык эксперт Александр Пикаев өлкөнүн жетекчиси жазаган маалымдоону баарыдан мурда ички саясатка тийиштиги бар дейт:

Бул Путин аскерий муктаждыкка деп болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү каражат бөлдүрүүсүнөн улам анын кайда кетип атканын орусиялык добуш бергендерге билдирип коюш үчүн жазалган жарыя.

XS
SM
MD
LG