Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Европа комиссиясынын жаңы курамы бекитилди


Франциянын Страсбург шаарында бүгүн Европа парламенти өзүнүн аткаруучу уюму - Европа комиссиясынын жаңы курамын бекитти. Европа биримдигине кирген ар бир 25 мамлекеттен комиссияга бирден өкүл кирди жана аны жетектөөгө португалиялык Хосе Мануэл Баррозу мурда тандалган. Комиссия 1-ноябрда эле түзүлүш керек болчу, бирок Италиянын өкүлүнө каршы пикирлер айтылгандыктан, Баррозу маселени кийинкиге калтырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG