Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Ирактын ар башка шаарларында бомбалар жарылып, кагылышулар болууда


Ирактын батышындагы Ярмук шаарында бүгүн бомба жарылып, эки адам набыт кетти, төрт киши жараат алды. Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарында жарылган бомбадан эки карапайым адам өлүп, үч киши жарадар болду. Кечээ күнү болсо Байижи шаарында бир жанкечти өзүн өзү жардырып жибергенден 14 адам өлдү. Рамади шаарындагы салгылашууда жети адам набыт болду. Фаллужа шаарында америкалык аскерлер үйлөрдү тинтип, тазалоо аракеттерин жүргүзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG