Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

ИНДИЯ КАЛАБАЛУУ КАШМИРДЕН АСКЕРИН АЛЫП КЕТЕ БАШТАДЫ


Индия шаршемби күнү Кашмир штатынын өзүнө караштуу бөлүгүнөн өкмөттүк күчтөрдү чыгарып кете баштады. Оболу 20 миң чамалуу гана жоокер чыгарылат деп күтүлүүдө. Мусулман калктуу бу штатта жарым миллионго жакын индиялык аскер бар деп эсептелет. Алар жергиликтүү жикчилерге каршы күрөшүү үчүн штатка 15 жыл мурда киргизилген. Талдоочулар Кашмирдеги индиялык аскерлердин бир бөлгүнүн чыгарып кетүү Индия менен Пакистан ортосундагы мамилелердин оңолушуна өбөлгө болот деген ишеничте.

Кашмирдин түштүк бөлүгүнөн 1 миңдей индиялык аскерди чыгарып кетүүнү саясый талдоочулар менен адам укугу боюнча эксперттер жакшы жышаан катары баалашты. Аскерлерди чыгаруу Индиянын премьер-министри Манмухан Синх калабалуу штатка биринчи ырасмий сапарга келерден бир нече саат мурда башталды. Эксперттердин эсебине караганда, Кашмирде жарым миллионго жакын индиялык аскер бар.

Пакистандагы Эл аралык кризистик топтун жооптуу өкүлү Самина Ахмед айым “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда, Жаңы Делинин кадамын өтө маанилүү окуя деп атады:

- Индия бийликтери ырасмий билдирүү жасай элек. Бирок, Кашмирдеги жарым миллионго жакын индиялык аскердин 20 миңден 40 миңге чейини чыгарылып кетээри маалымдалууда. Бул абдан жакшы жана өтө маанилүү жышаан. Көпчүлүк кашмирликтер аскерлерди чоң проблема катары көрүшөт.

Кашмирдеги кырдаал осолдоп кетсе, Индия аскерлерин штатка кайра киргизет деп сөзүн улайт Cамина Ахмед айым :

- Индия өкмөтү аскерлерди чыгарып кетүү улантыла берет деди. Бирок, Кашмирдеги жагдай курчуп кетсе, аскерлер кайра киргизилбейт дегенге болбойт. Майда-барат, анча-мынча маанисиз кол салуулар болуп турса, Индия аскерлерди чыгарууну токтотпойт. Лекин, адаватчылар чоң калаба салса, аскер штатка кайра жайгаштырылат.

Баш кеңсеси Бомбейде жайгашкан Хьюман Райтс Уоч уюмунун адиси Менакши Гэнгули айым аскерлер жана козголоңчулар адам укугун көп бузушканын изилдөөлөр тастыктаганын айтат:

–Адам укугунун абалына тынчсызданышкан кашмирлик лидерлердин пикиринде, Индия өкмөтү Пакистан менен болгон алакасын өзгөртүүгө бел байлагандай. Маселенин эки жагы бар. Индиянын премьер-министри кырдаалды жеңилдетүүнү көздөдү. Анын бул кадамын биз чын дилден колдойбуз. Себеби, аскерлер штатта турганда адам укугун бузуу көп болот жана Кашмирдин жергиликтүү калкынын турмушун татаалдантат.

Менакши айым учуруда Кашмирдеги адам укугунун абалын изилдеп жүрөт.

Пакистандык эксперт Самина Ахмед айымдын сөзүнчө, индиялык аскерлерди Кашмирден чыгарып кетүү баарынан мурда Индия өкмөтү менен кашмирдеги саясый күчтөрдүн жетекчилиги ортосундагы мамилени жакшыртышы мүмкүн. Ал эми Индия-Пакистан аралык байланыштарга анчейин деле таасир этпейт:

- Жамми-Кашмирдеги саясый жагдай үчүн аскерлердин чыгарылып кеткени абадан маанилүү окуя болот. Индия-Пакистан карым-катнашын алсак, Исламабад ырасмий түрдө Пакистандын кадамына оң баасын берди. Бирок, ошол эле кезде, Исламабаддагы саясатчылар аз эле аскер чыгарылды, алар кайдан чыгарылып жатканын тактоо керек дешүүдө. Ошондуктан, көтөрүлчү суроолор дагы көп. Арийне, Пакистан бул окуяга кол шилтеп койо албайт.

Индиянын премьер-министри Манмухан Синх шаршемби күнкү сөзүндө Кашмир калабасын жөндөө боюнча “ким менен болсо да” сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок, сүйлөшүүдөн мурда эч кандай талап коюлбасын эскертти.

Синх мырза 17-ноябрда Кашмирдин байтакты Шринагарга келерге чукул козголоңчулар премьер-министр эл менен жолукчу жайды күзөткөн аскерлерге кол салышты. Кагылышта эки согушчан окко учуп, эки жоокер жана бир жолоочу жарадар болду.

XS
SM
MD
LG