Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

БУУ апийим өндүрүшү - ооган экономикасынын негизги булагына айланганын билдирди


Улуттар уюмунун маңзатттар жана кылмыштуулук боюнча бөлүмү тараткан докладда Ооганстанда апийим өстүрүү дээрлик эки жарым эсеге көбөйгөнү, анын жалпы көлөмү 2 млрд 800 млн. долларлык акчага бааланары айтылат. Бул сумма – Ооганстандын былтыркы Ички дүң өндүрүшүнүн 60%ынан ашкан көрсөткүч. Улуттар уюмунун жооптуу өкүлү Антонио Мария Коста апийим өндүрүшү Ооганстандагы абалга коркунуч келтирген башкы маселе экенин белгиледи. "Бизди бушайман кылган башкы нерсе – апийимдин жалпы көлөмүбү? Жок, баарынан кооптуусу – бул опуртал өндүрүшкө өлкөнүн кеңири катмары тартылып баратканы. Азыр ооган экономикасы апийимдешип баратса, келечекте ал коомдук мандемге өсүп кетпейби?" – деп суроо койду Улуттар уюмунун атайын офисинин жетекчиси. Ал ооган өкмөтү апийим көйгөйүнө каршы жалгыздап күрөшө албайт деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG