Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

УКРАИНА КИМДИ ТАНДАЙТ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жекшемби, 21-ноябрда Украинада президенттик шайлоо өткөрүлөт. Украинанын жарандары батышчыл саясатчы, оппозиция лидери Виктор Ющенко менен Россияга ыктаган талапкер, өлкөнүн өкмөт башчысы Виктор Януковичтин бирин мамлекет башчылыгына шайлашат. 31-октябрда өткөн шайлоонун биринчи айланпасында эки талапкер тең шайлоочулардын добушунун кеминде 39 процентине ээ болушкан.

Оппозициянын талапкери Виктор Ющенко эгерде президент болуп шайланса 48 миллион тургуну бар өлкөдө экономикалык өнүгүүнүн комплекстүү программасын ишке ашырып, өлкөдө бери дегенде 5 миллион жумуш ордун түзүүгө убада берип жатат. Ал ошондой эле коррупцияны түп тамыры менен жоюп, эл байлыгын мыйзамсыз жолдор менен энчисине басып алган бир ууч адамдарды жоопко тартууга белсенип жатат.

Президенттике талапкер өкмөт башчы Виктор Янукович шайлоо кампаниясы башталгандан тартып ушундай эле маанидеги убадаларды берип келет. Колунда бийлигинен пайдаланып ал жакында бюджеттик кызматкерлер менен пенсионерлердин маяна, пенсияларын 70 процентке жогорулатып, шайлоочулардын бул катмарын өз тарабына имерүүгө аракеттенди. Януковичти бийлик мөөнөтү аяктап бараткан президент Леонид Кучма менен Россиянын президенти Владимир Путин колдошот. Путин Януковичти ачык жактабаганы менен акыркы бир айдын ичинде Украинага эки жолу барды. Леонид Кучма болсо бейшемби күнү Киевде өткөн пресс-конференцияда бийлик "демократияны муунтуп салгысы келип жатат", деген сын пикирлерге каяша иретинде, оппозицияны өлкөдөгү абалдын тең салмактуулугун бузууда, деп күнөөлөдү.

- Демократияга коркунуч келип жатабы? Мен бул суроону өзүмө да, силерге да бергим келет. Айрым бир саясий күчтөр демин баспаса демократияга чын эле коркунуч жаралат, - деп айтты президент элди митингге чыгууга үндөп жаткан оппозицияга каршы күч колдоно тургандыгын астыртан кыйытып.

Бейшемби күнү Киевде өкмөт башчы Януковичтин 3 миңдей тарапкери митинг өткөрүп, ага колдоо билдирди. Бирок жыйынга катышкандар менен сүйлөшө келгенде, алар митингге мекеме башчыларынын буйругу боюнча келишкенин баяндашкан. Донецк шаарынан келген 51 жаштагы аял «Ассошейтед пресстин « кабарчысына ага бирикме башчылыгы 100 гривен берип, автобуска салып, Киевдеги митинге алып келгенин айтып берген. Башка митингчилер болсо акча менен бирге аларга бекер арак, тамак-аш тартылганын айтышкан. Янукович мурда Донецк шаарында кен тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген.

Ал эми Харьковдон келген жогорку даражалуу офицер «Азаттыктын» Киевдеги кабарчысына анын кол алдындагы офицерлер шайлоонун биринчи айланпасында Януковичти колдогон жарым миллиондой бюллетенди кайтарып, шайлоо участкаларына таратууга жардам беришкенин айткан. Өз атын жашырып, беймаалым калууну каалаган бул офицердин айткандарын "Биздин Украина "деген демилгелүү топтун өкүлү Олег Рыбачник коштоп, бийликтер шайлоо комиссияларын паралап жатканын, ал тургай кимге канча пара берүү керектигин аныктаган тизмелер бар экенин баяндаган.

- Бийлик шайлоо комиссясындагыларга өз-өзүнчө пара берген. Мисалы, чөлкөмдүк шайлоо комиссиянын башчысына, ишинин кыйынчылыгына жараша, 10 миң доллар берилген. Алдыга койгон милдетти аткарса ал шайлоодон кийин дагы ушунча акча алат, - дейт Рыбачник.

Жер-жерлерлерден алынган маалыматтарга караганда, мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерин бийликтер Украинадан башка жакка кетип калган жарандар үчүн добуш бересиңер, деп мажбурлап жатышат. Ошол эле маалда оппозициячыл саясатчы Ющенконун тарапкерлери аларды бийлик өкүлдөрү коркутуп, үркүтүп жатканын билдиришүүдө. Полиция Ющенкону колдоп, манифестацияга катышкан бир топ студентти тартип бузду, деген шылтоо менен камакка алган.

Украинада орун алып жаткан ушундай одоно мыйзам бузууларга байланыштуу эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирүүдө. АКШнын мамдепартементи бейшемби күнү Украинаны шайлоону адилет жана ачык өткөрүүгө чакырган билдирүү таратты. Ал эми Евробиримдигинин тышкы байланыштар боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана бийлик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан Леонид Кучманы шайлоо өнөктүгүндө бейтарап болууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG