Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

ОРУС ГЕЗИТТЕРИ ПУТИНДИН БИЛДИРҮҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ…


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва

Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде билдиргендей, жакында Орусияда алигече эч кайсыл мамлекетте жок жаңы ракета-ядролук комплекси пайда болот. Путиндин билдирүүсүн «Российская газета» «биздин державанын өзгөчө статусу тууралуу кабар берет» деп таржымалады.

Бирок, Путиндин билдирүүсүнө сыймыктанган өкмөттүк гезиттин сүйүнүчүн көпчүлүк басылмалар бөлүшкөн жок.

«Труд» гезитинин аскерий баяндамачысы жазгандай, негизи, Орусияда бул өңдүү комплексти куруу мүмкүнчүлүгү бар. Кеп душманына учурулган ракетанын учуп бараткан жеринен эле айланып, өзүн уруп түшүрүүгө жол бербегидей дүрмөтү тууралуу болуп жатат» деп жазат баяндамачы. Путин, анын пикиринде, сууда сүзүүчү атомдук кемелер үчүн иштөөчү «Булава» деп аталган ракета тууралуу айткысы келген болуш керек, бирок анын иштеши тууралуу суроолор көптөн бери деңизчилерди ойго салып келет.

«Баардык машакат – жердеги жана деңиздеги куралдуу күчтөргө көптөн бери жетишээрлик бөлүнбөй жаткан каражаттын тартыштыгынан» деп билет гезитке берген маегинде Москвадагы жылуу техника институтунун директору Юрий Соломонов.

Президенттин жаңы ракета тууралуу билдирүүсүн «Независимая газета» «саясий сандырак» деп атап, ошол эле учурда ал дүйнөдө жандуу талкууну жаратканын кабарлады.

«Канткен менен мунун баарына коркуп-үркө бергендин зарылчылыгы деле жок» деп эсептейт гезит. Макалада «Путин өз билдирүүсү менен кайсыл комплекс тууралуу айтты экен?» деген суроого жооп табуу аракети көтөрүлгөн. Гезит бир катар ракеталарга, алардын ичинде буга чейин аталган «Булава», жер үстүндөгү «Искендер-М» комплекси жана суу астындагы ракеталуу «Юрий Долгорукий» кемесине кеңири токтолот. Бирок, булардын бирөөсү да башка мамлекеттерге чоң коркунуч келтирчүдөй күчкө ээ эместиги айтылды. Ушундан улам, мунун баары Путиндин «саясий апыртмасына» окшош болду дешет гезиттин баяндамачылары.

Орус президенти ушул билдирүүсү менен эле токтоп калган жок. Ал бейшембиде өлкөнүн үч негизги сыналгы каналдарына берген маегинде өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолдоруна да кайрылды.

«Ведомости» гезити бул тууралуу «Путин 2005-жылдын алдынан (башкача айтканда, губернаторлорду өзү тандоого чейин) регионалдык парламенттердин губернаторлоруна жана спикерлерине ачуу даары бергиси келип турат» деп жазды. Басылманын оюнда, бул губернаторлорго президент тарабынан берилген белек катарында таанылаары айкын.

Негизи, Путин өз билдирүүсүндө, жаңы реформадан кийин деле губернаторлор Федерациялык Кеңештин ишине катышып, «өлкө үчүн маанилүү» делген маселелерди чечүүдө катыша тургандыктарын айткан. Анын оюнда, «мамлекет үчүн маанилүү» деп согуш жана тынчтык проблемасын, казынаны аныктоо менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чет өлкөлөрдө колдонуу өңдүү маселелерди саноого болот.

Бирок «Газета» басылмасы жазгандай, Путиндин бул билдирүүсү Конституциянын 95-беренесине каршы келет экен. Юристтердин айтымында, президенттин сунушу менен жергиликтүү парламенттер губернаторлорду шайлаган күндө гана, Путин аларды Федерация Кеңешине кайтара алат»
XS
SM
MD
LG