Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

УКУК КОРГООЧУНУН ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУУСУН ӨКМӨТТҮК ЭМЕС УЮМДАР АНЫН САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ ДЕП САНАШАТ


Укук коргоочу жана «Кыргызстан патриоттук кыймылынын» жетекчиси Турсунбек Акундун 16-ноябрдан бери дайынсыз жоголушу коомчулукту тынчсыздандырып жатат. Буга байланыштуу 19-ноябрь күнү Бишкектеги «АКИпресс» маалымат агенттигинде «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюму жана Кыргызстан демократиялык кыймылы маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйынга укук коргоочунун атасы жана жубайы да катышышты.

«Азаттыктан» мурда кабарлангандай укук коргоочу жана «Элдик патриоттук кыймылынын» жетекчиси Турсунбек Акун 16-ноябрь күнү 17:30 да үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушу коомчулукту тынчсыздандырып жатат. «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда укук коргоочуну издөө бейөкмөт жана адам укугун коргоочу уюмдар тарабынан 18-ноябрдан тарта башталган:

- Биз Турсунбек Акундун жоголгону тууралуу 17-ноябрда «Азаттыктан» уктум. Ошол эле күнү «Адам укугун коргоо» боюнча бюронун жетекчиси Наталья Аблова менен сүйлөшүп, эртеси 18 инде саат 11:00 де УКК нын төрагасынын орун басары полковник Айтикеевге чыгып, маалымат берип, айттым: «ушул маселени карап бизге маалымат бергендей аракет кылгыла» деп. Андан кийин ИИМ ге чыгып айттык. Эң негизгиси биз бардык керектүү документтерди топтоп, БУУ нун адам укугу боюнча докладчысы Хина Жулианага жибердик. Андан башка да эл аралык адам укугун коргоочу кадыр-барктуу уюмдарга кайрылдык, - деди Төлөйкан Исмаилова.

Маалымат жыйынында укук коргоочунун бейдарек жоголуп кетүүсү анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген ойлор айтылды. Кыргызстан демократиялык кыймылынын жетекчиси Жыпар Жекшеевдин сөзү боюнча бийлик буга чейин да анын саясий ишмердүүлүгүнө каршы далай аракеттерди жасаган. Бирок бул жолкусу жалпы Кыргызстан үчүн уят иш:

- Турсунбек Акундун уурдап кеткени-бизге көнүмүш адатка айланып бараткан бийликтин жүзү. Анын дагы бир эң бир балит, жаман ыкмалары. Биздин УККы он жыл мурун кандай ыкмаларды колдонуп келатса, дагы эле ошол ыкмалар менен иштеп келет, - деди Жыпар Жекшеев.

Ушундай эле пикирди «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да билдирди:

- Анткени Турсунбек Акун кеңири белгилүү инсан. Мына аксылыктар да билдирүү жасашты. Эгер анын дареги табылбаса эл чыга баштайт. Бул өкмөттүн атайын жасаган чагымы, кайраштыруусу болушу да мүмкүн. Эмне үчүн бизге так маалымат берилбей жатат?

Маалымат жыйынына укук коргоочунун атасы Кыйтике Мусабаев да катышты. Ал уулунун дайынын билдирүүнү президенттин өзүнөн талап кылды:

- Мен президент Акаевдин өзүнөн талап кылам: менин уулумду бошотуп койсун! Муну жасагандар УКК нын кызматкерлери эле жасады. Карыганда эмне үчүн менин көзүмдү кашайтат? Эл-журт, акыйкат барбы деги? Президент менин сөзүмдү уксун, угат деп ойлойм.

Укук коргоочунун үч күндөн бери дайынсыз жоголгондугу тууралуу маселе бүгүн парламентте да көтөрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында билдирди:

- Бул окуя тууралуу биз бүгүн парламентте маселе көтөрүп, өкмөттүн өкүлүнөн маалымат берүүсүн талап кылдык. ИИМ дин маалымат катчысы Бусурманкулов «ИИМ тарабынан Турсунбек Акунду кармоо болгон эмес» деп маалымат бериптир. Ал эми УКК бул маселеге карта билдирүү жасай элек.

Ал эми улуттук коопсуздук кызматы укук коргоочу жана элдик патриоттук кыймыл жетекчиси Турсунбек Акундун 16-ноябрдан бери дайынсыз жоголушуна эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген маалымат таратты. Бул тууралуу улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Чынар Асанова билдирди:

- Улуттук коопсуздук кызматы расмий түрдө укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголуп кеткендигине эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет. Коопсуздук кызматынын бир да кызматкери аны жолугушууга чакырган эмес. Анткени, мунун эч кандай зарылчылыгы жок болчу. Анын үстүнө УКК кызматкерлери укук коргоочуну Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилишине жолугушууга чакыра алышпайт. Ал үчүн атайын белгиленген кабыл алуу бөлмөсү бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында мындай билдирүүгө ишенүү кыйын:

- Бул окуя баягы парламенттен табылган «жучоктор» сыяктуу эле аякташы мүмкүн. Бир-эки күндөн кийин Турсунбек Акунду чыгарышы ыктымал да, ал белгисиз адамдар подвалда кармады деп айтышы мүмкүн. Ошол эле убакта УКК алар биздин адамдар эмес деп танат.
Бул биздин бийлик үчүн кадимки көрүнүш болуп калды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG