Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Өзбек жана түркмөн президенттери Бухарада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Ислам Каримов менен Сапармурат Ниязов соңку төрт жылдан бери биринчи ирет жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн ортосундагы достук, ишенимди чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө документке кол коюлду. Мындан тышкары чекара райондорунда жашаган тургундардын карым-катнаштарын жеңилдетүү тууралуу макулдашылды. Ниязов чек ара тоомундагы өзбек жана түркмөн тургундары эми эртеңкини ойлобой бейкам уктаса болот, деп билдирди. Эки өлкөнүн ортосунда жер, суу боюнча эч кандай талаштын жоктугу, Ниязовдун айтымында, эки элдин бактысын билдирет.

XS
SM
MD
LG