Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Фаллужада козголоңчулар талкаланды


Америкалык командачылыктын өкүлү генерал Жон Сэттлер эми Фаллужадагы операциянын эң оор бөлүгү артта калды деп айтса болорун, козголоңчулардын бул чеби коалициянын колуна өткөнүн кабарлады. Фаллужадагы уруштарда америкалыктар, генералдын маалыматтарына ылайык, 51 жоокерин жоготту, 420дан ашуун солдат жарадар болду. Ирактын өкмөттүк күчтөрүнөн сегиз киши окко учту, козголоңчулардан бир миң эки жүздөй жасакчы жок кылынды, дагы миң чактысы туткунга алынды. Генерал жайкын калк арасында эч кандай чыгым болгон жок деп ырастады. 20-30 чакты адам жарадар болду, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG