Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Ош облусунда Хизбут-Тахрир диний партиясынын жактоочуларынын саны көбөйүүдө


ОШ. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук түзүлүштөр менен иштөө блүмүнүн маалыматына караганда, облус боюнча «Хизб-ут Тахрир» кыймылынын мүчөсү деп шектелген 554 адам каттоого алынган. Алардын ичинен он тогузу ички иштер органдарынын атайын кароосунда турат. Саны боюнча эң көбү Карасуу районунда - 213 адам, Ноокатта - 173, Өзгөндө - 90, Араванда – 53, Каракулжада – 11, Алайда –9, Чоңалайда – 5 адам «Хизб-ут Тахрир» диний уюмунун жактоочулары катары прафилактикалык каттоодо турушат. «Хизб-ут Тахрир» уюмунун конституциялык түзүлүшкө каршы багытталган мазмундагы баракчаларды таркаткандыгы үчүн быйыл 23 кылмыш иши козголгон. Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилине караганда бир кыйла көптүк кылат. Бул сандар боюнча журналисттерге маалымат берген Ош облусунун ички иштер башкармасынын башчысы Алмабек Байтиков аталган диний уюмдун мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу максатында бул боюнча мыйзамда каралган кылмыш жаза жоопкерчилигин күчөтүү зарыл деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG