Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Куршаб айыл тургундары мамлекет башчысына кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары мамлекет башчысы Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Ош-Бишкек жолун куруп жатышкан Кытай Эл Республикасынын “Чайна голд” компаниясы тарабынан 6 ай мурун Ош-Өзгөн жолундагы Шор суу каналына көпүрө куруу учурунда ичүүчү суу түтүктөрүн бузуп салгандыгы айтылат. Аныны кесепетинен жарым жылдан бери 325 үй-бүлө арыктан кир суу ичип калышкан. Учурда 52 бала сарык менен ооруп райондук ооруканада дарыланууда. 18-ноябрда жергиликтүү тургундар Шор суу канал жээгиндеги көпүрөдө митинг уюштуруп, “Чайн голд” компаниясынан таза суу түтүктөрүн оңдоп берүүнү талап кылышты. Бул маселе боюнча район,облустун тиешелүү жетекчилери эч бир майнап чыгарбагандыктан, Куршабдыктар президентке кайрылууга аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG