Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы Жерүй кенине байланыштуу маселени кийинкиге калтырды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйнында Талас облусундагы Жерүй жана Чүй облусундагы Кемин районундагы Талдыбулак алтын кенин ишке киргизүүнүн даярдыгына байланыштуу маселе каралды. Геология жана минералдык ресурстар агентигинин директору Шейшеналы Мурзагазиев аталган маселеге байланыштуу маалымат берди. Айрым депутаттар аталган агенттиктин жетекчисинин маалыматы жана анын берген жообу канаатандырбастыгын билдиришти. Республиканын экономикасына киреше берүүчү Жерүй жана Талдыбулак кендерине байланыштуу маселени талкуулоого өкмөт жетекчисин жана тиешелүү министрликтин жетекчилеринин катышуусун талап кылышты. Кызуу талаш тартыштан кийин аталган маселе дүйшөмбү күнү талкуулана турган болду.

XS
SM
MD
LG