Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

УКРАИНА ШАЙЛООСУ: ЭЛ ЭКИ КӨЗ КАРАШТЫН БИРИН ТАНДАШ КЕРЕК


Нарын АЙЫП, Прага Жекшемби күнү Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүүдө. Батыш эксперттеринин көпчүлүгүнүн пикиринде, эгер анын жыйынтыктары бурмаланбаса, оппозициялык талапкер Виктор Ющенко жеңип чыгууга тийиш, бирок шайлоого кошуна Орусия, анын президенти Владимир Путин одоно түрдө кийлигишүүдө.

31-октябрда шайлоонун биринчи айламапасы учурунда добуш берип чыккан шайлоочулар арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары алдыда оппозициялык талапкер Виктор Ющенко келатканын көрсөткөн.Ал 5-10 пайыз айырма менен жеңиш керек болчу. Бирок шайлоо аяктагандан кийин Украинанын мамлекеттик жана кошуна Орусиянын маалымат каражаттары премьер-министр Виктор Янукович биринчи орунга чыкканы тууралуу жарыялаган. Көптөгөн мыйзам бузуулар ашкереленип, добуш кайра саналып чыккандан соң Борбордук шайлоо комиссиясы он күндөн кийин - биринчи орунга Ющенко чыкканын мойнуна алган.

АКШнын Жеймстаун фондунун эксперти Владимир Сокордун айтымында, украиналык шайлоо өнөктүгүнө орус президенти Владимир Путин одоно түрдө кийлигишти.Анын сунушу менен орусиялык ишканалар 600 миллионго жакын доллар каражат чогултуп, аны Януковичтин шайлоо өнөктүгүнө жумшады. Путин өзү эки жарым аптанын ичинде Украинага эки жолу келип Янукович менен жолукту. Анын биринчи келишине шылтоо табыш үчүн, Киев шаарынын фашисттерден бошотулган күнүн белгилөө майрамы атайылап бир аптага алдыга жылдырылган.

Орусиялык көптөгөн эксперт жана артисттер менен ырчылар Украинага жөнөтүлүп, элди Янукович үчүн сүрөдү, Ющенко негизги сыналгы каналдары аркылуу обого чыга алган жок, москвалык маалымат каражаттары болсо, аны бардык мүмкүн болгон чара менен каралады. Анысы аз келгенсип, шайлоо өнөктүгү учурунда Ющенко ооруп, анын бети-башы адам тааныгыстай өзгөрүп кеткен. Ал ууктурулган деген шек күчтүү.

Сокордун пикиринде, эгер Украинада президенттикке Ющенко шайланса, өлкө Европа Биримдиги жана НАТО уюму менен кызматташууну күчөтүп, европалык өнүгүү багытында Орусиядан ашып кетиши мүмкүн. Андан тышкары Москва көзөмөлдөгөн бирикмелерден мурда Украина Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу эл аралык уюмдарга кошулуп, Шериктештик ичиндеги Орусиянын турумун бир кыйла солгундатып жибериши да ыктымал.

АКШнын мурдагы советтик жумурияттар боюнча бир кездеги атайын элчиси Стивен Сестанович дагы "Вашингтон пост" гезитинде 19-ноябрда макала жазып чыгарып, Путиндин Украина иштерине кийлигишкенин сынга алды. Эгер 21-ноябрдагы шайлоодо Ющенко жеңип чыкса, бийлик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого барышы мүмкүн деп билдирди.

Ющенко Украина эли арасында жогору кадыр-баркка ээ саясатчы, 2000-2001-жылдарда ал премьер-министр болуп иштегенде, коррупцияга каршы катуу күрөш баштаган, анын алдында өлкөнүн Борбордук банкын башкарганда болсо эбегейсиз өскөн инфляцияны ооздуктоого чечкиндүү чара көргөн. Ал эми Янукович Украинанын аскерий өндүрүш чөйрөсүнөн чыккан адам, байкоочулар аны кыйын жетекчи дейт, бирок жаш кезинде ал карактоо жана жалаа үчүн эки жолу соттолгон. Анын жардамчыларынын айтымында, сот иштери жабылып, Янукович толук акталган, анткен менен ага тийешелүү документтер жок кылынган.

19-ноябрда Ющенко "Ройтерс" агенттигине интервью берип, Януковичти катуу сынга алды: "Эки жолу соттолгон адам өлкө президенти болуп шайланат деп кимдин оюна келет? Европа мамлекеттерин тим коелу, Африка жана Латин Америка өлкөлөрүндө да андай болбойт. Януковичтин философиясын дагы мен кабыл ала албайм, бул жерде такыр эки башка дүйнөлүк көз караш тууралуу сөз болууда".

Эгер президент болуп Янукович шайланса, ал орус тилин экинчи мамлекттик тил кылып, орус-украин кош жарандуулугун киргизүүгө убада кылган.

XS
SM
MD
LG