Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Эл акыны Байдылда Сарногоев дүйнөдөн кайтты


Жаамы журтка белгилүү , кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Сарногоев Талас районуна караштуу Шумкар уя айылында жарык дүйнөгө келген. Журт кадырлаган акын алгачкы чыгармасын 13 жашында жазып, ал ыры райондук гезитте басылган. Ал 15 жашында ата-энесинен ажырап томолой жетим калат. 1950-жылдары Бишкектеги №5 кыргыз орто мектептбин бүтөөрү менен Москвадагы Горький атындагы адабият институтунан билимин өркүндөтөт. Байдылда Сарногоевдин алгачкы басмадан чыккан«Шумкар» аттуу ырлар жыйнагынан кийин ондогон ыр китептери жарык көргөн. Анын эр ортону элүү жаш курагына арналган «Ашуудан берген отчетум» аттуу ырлар жыйнагы, окурмандардын жан шеригине айланган. Байдылда Сарногоев кыргыз адабиятына көрсөткөн эмгеги үчүн Токтогул атындагы сыйлык, 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Дүйшөмбү күнү саат 9да Улуттук кыргыз драм театрында маркумду акыркы сапарга узатуу расмиси өткөрүлүп, сөөгү Алаарча көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG