Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Ош шаарындагы жардыруудан 2 адам набыт болду


ОШ. 19-ноябрдан 20-ноябрга караган түнү шаардын ичинде жогорку ылдамдыкта кетип бара жаткан «Жигули» автоунаасы жергиликтүү ички иштер кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Машинанын ичинде отурган адамдардын өздүк документтери болгон эмес.Алардын бирөөсүнүн жанынан «Макаров» тапанчасы табылган. Текшерүү учурунда колго түшкөн адамдардын бирөө качып бара жатып, жанындагы жардыруу затты жардырып жиберип, анын натыйжасында качып бара жаткан адам өзү жана аны кууп бара жаткан милиция кызматкери курман болду. Мындай кырдаалдан пайдаланып машинедеги үч адам качып кеткен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өзүн өзү жардырып жиберген адамдын ким экендигин аныктоо учурунда ал Өзбекстандын атуулу экендигин жана аталган өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан издөөдө болгондугу такталган. Учурда качып кеткен үч адамды издөө боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындай маалымат бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыковдон алынды.

XS
SM
MD
LG