Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

АКАЕВДИН КУЛОВДУ КОРРУПЦИОНЕР ДЕП БААЛАШЫ КАЙЧЫ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Германиядагы иш-сапары учурунда Берлиндеги «Немецкая волна” радиосуна берген маегинде Кыргызстандагы оппозициялык «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловду коррупционер, бирок эл аралык уюмдар аны саясий ишмерге айлантышууда деген пикирин билдирди. Президент Акаевдин Куловго карата айткан мындай пикири коомчулукта ар кандай көз караштарды пайда кылды.

19-ноябрда Берлинде президент Аскар Акаевден “Немецкая волна” радиосунун кабарчысы Никита Жолквер интервью алып, Феликс Куловго байланыштуу суроосун да жолдогон. Президент Куловго байланышкан суроого: “Феликс Кулов – кадимки коррупционер. Аны эл аралык уюмдар гана саясий ишмерге айлантып олтурат. Биз аны менен бирге башында чогуу иштегенбиз. Мен аны ички иштер министрлигинин жетекчилигине дайындаганмын, вице-президент болгон... Анын чет өлкөлөрдө ири банк эсептери бар”, - деп жооп берген.

Президент Аскар Акаев буга чейин Феликс Куловдун үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу мындай деп билдирген:

- Мен саясий өңүт катарына кошууга аракеттенип жатышкан бул иш боюнча бир нече ирет пикиримди айтканмын. Куловдун үстүнөн кылмыш иштери ал оппозицияга өтө элек мезгилде, эч кандай “Арнамыс” саясий партиясы жөнүндө сөз жүрө элек учурда козголгон. Куловго байланышкан иштерге саясий мүнөз берүүгө ар кандай айла-амалдар жасалууда. Биздин өлкөдө саясий мотив менен абакка эч ким олтурган эмес, Акаевден кийин да андай саясий өңүт берилбейт деген ынанымдамын.

“Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев президент Акаевдин “Немецкая волна” радиосуна берген маегинде айтылган сөздөр негизсиз деп эсептейт:

- Мен бул нерселерди Акаев айткандыгына ишенбейм. Анткени, муну акыл-ээси соо киши айтпайт. Чет өлкөлөрдө банк эсептери бар, металл сатуу менен байып кеткен дегендери негизсиз. Сотто да бул жөнүндө сөз болгон эмес, - деди Эмиль Алиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Абдымомунов Акаевдин Германияда Куловдун адресине карата айткан сөзү боюнча мындай пикирин билдирди:

- Эми ошол мезгилде Акаев менен чогуу, ошол системада иштеген Кулов коррупционер болгон деп айтса, анда аны менен чогуу иштегендердин баары тең эле коррупцияонерлер болушкан деп айтууга негиз бар экен да. Анткени, буга чейин президент өзу коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жеткен деп айткан да. Куловдон кийин деле өлкөдө коррупция өнүгүп жатат. Президент тарабынан Кулов – коррупционер деп айтылышы анчейин туура эмес деп эсептейм.

Ал эми Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков Куловду коррупционер атоо канчалык негиздүү деген суроого:

- Эми сотто да бул маселелер көтөрүлүп айтылбады. Сейтек шаарчасына Бишкек шаарынын 15 млн сому жөн эле кетип калган. Кайткан жок. Ошол эле Чүй облусунда губернатор болуп турган кезинде берип жиберген 16 млн сом ошол бойдон кайтарылган жок. Бул эмне коррупция эмеспи? - деп жооп берди Болот Жанузаков.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова болсо, президент Акаев Куловго карата өз пикирин немис радиосу аркылуу билдирүү менен, Куловдун арызы боюнча Жогорку соттун чечимине өз таасирин тийгизди деп эсептейт:

- Аскар Акаев Феликс Кулов жөнүндө сабатсыздуулук менен айтты. Анын пикири ошол эле күнү Кыргызстанга да жетти. Ал эми биздин Жогорку сот бир адам айтмайынча, Акаев айтмайынча эч кандай чечимин чыгара албайт. Ал муну менен өзүнүн таасирин Жогорку соттун чечимине тийгизип койду дейм. Кулов жөнүндөгү негизсиз сөздөрү менен Акаев анын конституциялык укуктарын тебелеп-тепседи деп эсептейм, - деди Төлөйкан Исмаилова.

Кулов ушул жылдын август айында өткөн Сокулук райондук сотунда берген доо арызы каралып жаткан учурда:

- Бир жыл, жарым жылдын ичинде, жаңы шайлоолордо жаңы адамдар келет. Мен акталамын. Анткени, эртели кечпи, бийликке жакшы адамдар келет, - деген Феликс Кулов.

19-ноябрда Жогорку Сот өлкөнүн жаза өтөө мекемелеринин Башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов 2005-жылдын ноябрь айында абактан бошотулат деген чечимин күчүндө калтырды. Феликс Кулов 2001-жылдын январь айынан тарта абакта жатат. Кыргызстандын Акыйкатчысынын айтымында, мыйзамдарга ылайык, Кулов ушул жылдын август айында абактан бошотулууга тийиш эле. Эл аралык жана Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары Феликс Куловду саясий туткун катары эсептешет.
XS
SM
MD
LG