Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

ЖАШ БАЛДАРДЫ АСКЕРИЙ АРАКЕТТЕРГЕ ТАРТУУ


Нарын АЙЫП, Прага Адам укуктарын коргогон бир нече эл аралык уюм биригип, акыркы үч жылда атайын изилдөө өткөргөн жана анын жыйынтыктары 17-ноябрда Лондон шаарында жарыяланды. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, дүйнөнүн кеминде он мамлекетинин өкмөтү он сегизден жаш балдарды аскерий аракеттерге тартат. Айрым башка өлкөлөрдө дагы жаш балдар күч менен ар башка оор иштерге жумшалат жана куралдуу кагылышууларга катышат.

Изилдөө 2001-жылдын апрелинен үстүбүздөгү жылдын март айына чейин жүргүзүлгөн жана аны "Amnesty International", "Human Rights Watch", "World Vision" жана "Save the Children" аттуу уюмдар "Бала солдаттарды колдонууну токтотуу" деп аталган коалицияга биригип өткөргөн. Коалициянын айтымында, акыркы үч жылда дүйнө мамлекеттери Бириккен Улуттар Уюмунун "Балдардын укугун коргоо" конвенциясына кошула баштагандыктан, абал бир кыйла жакшырды. Конвенция 2002-жылдын февралында күчүнө киргенде, анын "Балдарды аскерий аракеттерге тартпоо" боюнча атайын протоколун төрт гана мамлекет бекиткен. Үстүбүздөгү жылдын август айына карата болсо, ал протоколго 115 мамлекет кол койду жана алардын жетимиш жетисинин парламенттери аны бекитти.

Анткен менен дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө маселе дагы эле курч. Коалициянын өкүлү Виктория Форбс-Адамстын айтымында, эң начар жагдай - Африканын кээ бир мамлекеттеринде түзүлгөн, бирок айрым башка аймактардагы абал дагы оор: "Бала-солдаттар маселеси Африкада эң курч, бирок дүйнөнүн башка мамлекеттеринде, мисал үчүн Ирак, Ооганстан, Орусиянын курамындагы Чеченстан жана башка өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышууларга балдар тиги же бул өлчөмдө тартылат.

Изилдөө өткөрүлгөн мезгилде Ирактагы согушка жаш балдардын катышканы көп байкалган эмес, бирок акыркы апталарда өлкөнүн Фаллужа шаарындагы кызуу кагылышуулар учурунда согушкерлер балдарды пайдаланганы айкын болду.

Ооганстандагы кагылышууларга дагы абдан көп жаш бала катышкан, бирок акыркы мезгилде абал оңолуп баратат, анткени Бириккен Улуттар бул өлкө үчүн атайын программа даярдап, аны ишке ашыра баштады. 2003-жылдын май айында президент Хамид Карзай атайын жарлык чыгарып, 22 жашка чыга электерди аскерге чакырууга тыюу салган. Анткен менен өкмөткө баш ийбеген кээ бир куралдуу топторго жаш балдар дагы эле катышат жана маселе чечилгенге дагы көп бар.

Орусиянын курамындагы Чеченстандагы абал дагы бир кыйла оор. Орусиянын өзүндө жетим балдарды аскерге кошуп, аларды солдаттар арасында тарбиялоо илгертен адатка айланган нерсе жана андай балдар коомдо жогорку кадыр-баркка ээ болот. Чеченстнада бир нече жылдан бери согуш жүрүп жаткандыктан болсо маселе ого бетер татаалдашып кетти. Виктория Форбс-Адамстын айтымында, жаш балдар Чеченстанда жөн гана дайынсыз жоголуп кетүүдө: "Орусия Чеченстанда согушуп жаткандыктан, адам укуктарынын бузулушу кеңири жайылган. Жаш балдар болсо жөн гана жоголо баштады. Алар кармалып, кайсы бир лагерге топтолот, ал жерде алардан аскерий маалымат алыш үчүн балдар кээде катуу кыйналат, бирок андан соң алар дайынсыз жок болот. Тинтүү иштери учурунда кармалган балдар дагы кийин кайда кетээри белгисиз. Орус өкмөтүнүн мындай саясаты укук бузууларды ого бетер көбөйтүүдө жана балдар оппозиция тарапка өтүп кетүүнү каалайт".

Азыркы учурда бул докладдын дүйнө мамлекеттеринин ар бириндеги абалга арналган отчеттору даярдалууда.
XS
SM
MD
LG