Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

22-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, ноябрдын жыйырма экисинде Кыргызстандын айрым аймактарында түнкүсүн жамгыр жаайт, ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт.

Республика боюнча абанын температурасы:
ТАЛАС, ЫСЫККӨЛ аймактарында түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +7…+12 градус.
ЖАЛАЛАБАЛД, БАТКЕН, ОШ дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн –1 градустан –6 градуска чейин суук болот. Күндүз +2 ден …+7 градуска жылышы күтүлөт.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз +9…+14 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-1 градус суук, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.
Бүгүнкү күндүн узактыгы 9 саат, 30 мүнөт.


Жаңылыктар топтомун Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG