Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

“Атаке баатыр” сахнада


Бишкек. Эртең Улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Атаке баатыр” тарыхый драмасынын бет ачары болот. 18-19 кылымдагы тарыхый инсандардын өмүр жолун чагылдырган бул пьесаны Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев сахналаштырган. Музыкасын белгилүү композитор Мурат Бегалиев жазган. Спектаклге белгилүү артистер Дүйшөн Байтөбетов, Мукамбет Токтобаев, Калича Сейдалиева, Шайыр Касымалиева катышат. Аталган драма президент Аскар Акаевдин 60 жылдык мааракесине карата коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG