Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Нарында окуучулар арасында салык салуу кылмышы күчөдү


НАРЫН. Улуу Британиянын эл аралык балдарды коргоо фондусу жана «Сейф балдар жана жаштар» клубу ЮСАИД каржылаган «Пикс» долбоордун алкагында Нарын шаарындагы мектептердин ортосунда өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын саммитин өткөрдү. Бул саммиттин негизги максаты мектептердеги салык салуу жана мектепке себепсиз барбоонун көйгөйлөрүн талкууга алып, иш чаралардын стратегиясын жана матрицасын мектеп парламентинин мүчөлөрү тарабынан иштелип чыгуусу саналат. Саммитке катышкан мектеп окуучулары мектептерде балдар эмес кыздар арасында да салык салуу бар экендигин айтышып, салык салгандардын басымдуу бөлүгү жетишкен үй-бүлөөдөн экендиктерин белгилешти. Анын себеби окуучулар бош убактыларын кандай өткөрүүшөрүн билишпейт дешти.

XS
SM
MD
LG