Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Ош шаарындагы жардырууга катыштыгы бар адамдар изделүүдө


ОШ. Ноябрдын он тогузунан жыйырмасына караган түнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында өзү менен кошо милиция кызматкерин жардырып жиберген адамдын шериктерин издөө иштери улантылып жатат. Мындай кырдаалга байланыштуу шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Эске сала кетүүчү жагдай «Крутой» деген шарттуу аталыштагы операция жүрүп жаткан учурда шектүү жигули автоунаасын эки милиция кызматкери колго түшүргөн. Анын бирөө жыйырма сегиз жаштагы Нурлан Садиев качууга аракеттенген шектүү адамдардын бирөөсүн кармоо учурунда гранатага жарылган. Учурда гранатаны жардырган адамды тактоо үчүн анын денеси соттук медициналык экспертизадан өткөрүлүүдө. Жардыруудан аман калган экинчи милиция кызматкеринин айтымында, жигули машинесиндеги адамдардын бардыгы өзбек улутунунан жана алардын документтерин сурашканда анын ордуна чоң суммадагы акча сунуш кылышкан. Милиция кызматкерлери акчаны алуудан баш тартып, автоунаанын ичин текшерүүнү талап кылышканда, шектүү адамдар качууга аракет жасап, бирөөсү граната жардырган. Оперативдүү топтун кызматкерлеринин айтымында, шектүү адамдар тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок. Такталбаган маалыматтарга караганда, жардырууга тиешеси бар деп изделип жаткан шектүү топ, Өзбекстан ислам кыймылынын адамдары болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Анткени алар таштап качкан машиненин ичинен бир канча курал жарак жана жардыруучу заттар табылган. Ал эми бул окуя боюнча Өзбекстандын атайын кызматтары да, Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

XS
SM
MD
LG