Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Бүгүн (жекшембиде) Украинада президенттик шайлоонун экинчи, чечүүчү айлампасы жүрүп жатат. Жергиликтүү жана чет өлкөлөлүк аналитиктер бүгүнкү добуш берүүнүн натыйжасы Украинанын келечек багытын аныктайт деп эсептешүүдө. Анда азыркы өкмөт башчы, москвачыл Виктор Янукович жеңип чыкса, Украина Москванын орбитасынан чыкпай, Россия, Беларусь сыңары авторитардык жолго түшөт. Ал эми Виктор Ющенконун утушу өлкөнү демократиялык нукка салып, Киевтин Батыш менен жакындашуусуна алып келет, - дешет бир катар саясий эксперттер.

31-октябрда өткөн биринчи турду оппозициячыл талапкер Ющенко жеңип чыккан. Шайлоого катышкан эл аралык байкоочулар өнөктүк бурмалоолор менен коштолгонун белгилешүүдө. Оппозиция болсо эгерде өкмөт бүгүн дагы мыйзам бузууларга барса, массалык демонстрация уюштурабыз деп эскерткен.

Эртең менен Ющенконун жетекчилигиндеги “Биздин Украина” коалициясы өкмөт бир эле кишилердин бир нече жолу добуш берүүсүнө жол берип жатат деген кинесин айтып чыкты. Өткөн күндөрү айрым мамлекеттик кызматкерлер шайлоого келбей калгандардын ордуна добуш бересиңер же болбосо жумушуңардан айрыласыңар деген кысымга туш болгонун билдиришкен. Оппозицияны колдогон жаштардын тобу ошондой “жалган добуш берүүчүлөрдү” жолун тороп:
“Уят! Бетсиздик!” - деп кыйкырышты.

Аба ырайынын начардыгынан улам, элдин катышуусу биринчи турга караганда төмөн болуп жаткандыгы маалымдалууда:

- Элдин жарымы эле келип добуш берип кетти. Бул түшүнкүтүү. Жолдор аябай тайгалак болгондуктан, көптөрү көчөгө чыккандан да коркушат. Өзгөчө улгайып калган адамдар өткөндөгүгө салыштырмалуу аз келүүдө, - дейт борбор калаадагы шайлоо участкаларынын биринин жетекчиси Александр Ванурихин.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Серхий Кивалов Черкасский облусундагы Молодетска участкасында бир милиционер киши колдуу болгонун маалымдады. Ал жерде өнөктүк убактылуу токтотулду. Бул иштин чоо-жайы азырынча белгисиз.Волын районунда болсо каттодон өткөн шайлоочулардын тизмелери салынган сейф уурдалып кетти.

Кечээ мамлекет башчы Леонид Кучма оппозицияны күч колдонуп, революция уюштурууну көздөйт деп күнөөлөдү. “Айрым саясий күчтөрдүн бийликти өз колуна алуу аракеттерине карабай, жекшемби күнкү шайлоо калыс өтөт”, - деп ишендирди Кучма телевидение аркылуу жасаган кайрылуусунда:

- Экинчи турдун тынч өтүшүн камсыздоо үчүн, бул демократиялык процесстин демократияга каршы келген төңкөрүшкө айланып кетпеши үчүн өкмөт бар аракетин жумшайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан имарат катуу кайтарууга алынып турат.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG