Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

АСКАР АКАЕВ, «НЕМИС ТОЛКУНУ» ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ


Германияга болгон сапары учурунда Аскар Акаев Германиянын канцлери Герхард Шредер жана президенти Хорст Келлер менен жолугуп, кыргыз милициясын чыңдооого жана чек ара кызматын бекемдөөгө жардамды кеңейтүүнү суранды. Ошондой эле немис инвесторлорду Кыргызстанга гидроэнергетика, танспорт жана туризм багытында иштешүүгө чакырды. Бул сапар учурунда Аскар Акаевдин «Немис толкуну» радиосуна берген маеги кыргыз коомчулугунда кайчы пикирлерди жаратууда.

Аскар Акаев Герхард Шредер менен кыргыз милициясын колдоо долбоорунун келечеги жөнүндө сүйлөштү. Мамлекет башчысы немис тарапты бул өңүттөгү жана чек ара кызматын бекемдөө багытытында жардамды кеңейтүүнү өтүндү. Аскар Акаевдин пикиринде, Кыргызстанда сырткы террордук коркунуч басаңдаган менен диний экстремизм, наркокылмыш өңдүү коркунучтар сакталууда. Чоң ишкерлер жана саясий элитадан турган Немис экономикасынын чыгыш комитети менен жолугушууда президент инвесторлор үчүн Кыргызстандагы үч негизги багытты бөлүп көрсөттү. Гидроэнергетика, транспорт жана туризм. Бул сапардын жүрүшүндө Аскар Акаев «Немис толкуну» радиосуна интервью берген. Кыргыз коомчулугунда ушул күндөрү дал ушул маектин тегерегинде кызуу талкуу жүрүп жатат. Немис журналистb Кыргызстандын эки чоң держава -АКШ жана Орусия менен болгон мамилеси жөнүндө суроо узаткан . Президенттин айтымында, эки чоң державанын аскердик базаларынын келиши менен чет элдик инвесторлор Кыргызстандын босогосун ишенимдүү аттай баштады. Бирок, Кыргызстанда дале инвесторлорду качыра турган жагдайлар арбын деген пикирлер бар. «Шоро» фирмасынын жетекчиси Табылды Эгембердиев жалпысынан мамлекет башчысы менен макул:

- Алты сакалчан келип абийирибизди кандай кетирди эле. Ошондон кийин чындап эле инвесторлор чочулап калган болчу. Атышуу болуп аткан жерге бизнес келбейт да. Анан эки чоң аскердик база келгенден бери тынч, антип айтканга негиз бар, - дейт Табылды Эгембердиев.

Бирок, ал инвесторлорго тынччылык гана керек эмес деген ойдо. Инвестициянын көбөйтүш үчүн ички рынокту кеңейтип, салык жүгүн жеңилдетүү өңдүү бир нече кадамдарга барыш керек.

«Немис толкуну» радиосунун «Кыргызстан эмнеден улам демократия аралчасы делип калды» деген суроосуна Аскар Акаев «кыргыздар илгертеден эле демократ болгон, коңшуларга салыштырмалуу кыргыз хандары эл тарабынан шайланчу» деп жооп берди. Ошондой эле мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстанда бекеринен АКШнын массалык маалымат каражаттарын колдоо борбору жана көз карандысыз басма үйү турган жок, бекеринен 700гө чукул эркин массалык маалымат каражаты катталган эмес. Аскар Акаев сөз соңунда «мунун баары кичинекей өлкө үчүн көптүк кылат...» деп жооп берди. Белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин эксперти Кулубек Бөкөнбаев кыргыздарда мурда деле демократия болгон эмес деген кайчы пикирин айтат:

- Кыргыздар илгертеден демократ болгон дегенге кошула албайм. Демократия деген эл бийлиги да, туурабы? Кыргыздарды бийлер, манаптар жана байлар башкарып келген. Согуш убагында гана демократиянын кай бир элементтери байкалган, аны болсо аскердик демократия деп коет.

Анын пикиринде, эгемендиктин алгачкы жылдарындагы демократиянын шарапаты азыр жокко эсе:

- Демократиянын аралчасы дегендерге кошула албайм. Азыр тилекке каршы автократиялык авторитаризм күчтүү болуп кетти, - дейт Кулубек Бөкөнбаев.

Президент Аскар Акаев бу жолку маегинде Ооганстандагы жана Ирактагы кырдаалга да токтолгон. Мамлекет башчысынын айтымында, кыргыз бийлиги Иракка аскер жөнөтүү ниети менен эл аралык коалиция күчтөрүнө кайрылган. Бирок, коалиция кыргыз аскерлеринин коопсуздугу үчүн кепилдик бере албагандыктан Кыргызстан бул кадамга дааган жок.
XS
SM
MD
LG