Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жакынкы Чыгышка келди


Колин Пауэлл бүгүн Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилиги менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын туңгуюктан чыгаруунун жолдору боюнча өз-өзүнчө сүйлөшүү өткөрөт. Ал жаңы тынчтык миссиясы менен Израилге өткөн түнү келди. Пауэлл ошондой эле Палестинада маркум Ясир Арафаттын ордуна автономиянын жаңы жетекчисин шайлоого байланышкан маселелерди да талкуулайт. Шайлоо 9-январга белгиленген. Мурдараак Президент Жорж Буш АКШ Арафаттын өлүмүнөн кийин Жакынкы Чыгышта түзүлгөн жаңы жагдайда тынчтык орнотуу аракеттерин күчөтөөрүн билдирген болчу. Бул Колин Пауэллдин АКШнын Мамлекеттик катчысы катарында чөлкөмдөгү соңку иш сапары сыяктуу. Аны Мамлекеттик катчынын кызматында АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс алмаштырмакчы.

XS
SM
MD
LG