Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Иракта өкмөттүк сегиз аскер набыт болду


Козголоңчулардын кечээ Рамади шаарында буктурмадан жасаган кол салуусунан Улуттук гвардиянын 8 жоокери мерт болуп, 18си жаракат алды. Кол салуу аскерлер шаардын борборунда күзөттө жүргөн кезде жасалган. Башкалаа Багдаддан 70 чакырымча батыш тарапта жайгашкан бул шаарда америкалык жана ирактык аскерлер бир нече аптадан бери козголоңчулар менен дээрлик күн сайын кагылышууда.

Ирактын дагы бир жаңылыгы - кечээ премьер-министр Аяд Аллавинин аталаш бир тууганы барымтадан аман –эсен бошотулду. Ошондой эле жалпы улуттук шайлоо келерки жылдын 30-январына белгиленгени жарыяланды. Анда өлкөнүн өткөөл парламенти шайланат.

XS
SM
MD
LG