Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын добуштары саналууда


Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштардын 70%га жакыны саналгандан кийинки маалыматына караганда премьер-министр Виктор Янукович 48,58% добуш менен алдыда келе жатат. Ал эми оппозиция лидери Виктор Ющенконуку 47,78%. Мунун алдында шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн бир нече сурамжылоолор же экзит-поллдор Виктор Ющенко жеңээрин көргөзгөн.

Ющенконун өзү бийликти добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалап жатканы үчүн айыптап, тарапкерлерин тынч маанайдагы демонстрацияларга чыгууга чакырды.

Баштапкы маалыматтарга караганда кечээ добуш берүүгө калктын 78%дайы катышкан. Виктор Ющенко Украина Батыш менен көбүрөөк интеграцияланып, НАТОго кошулушун каалайт. Ал премьер-министр Виктор Янукович Москва менен тыгыз алака түзүүнү жактайт.

АКШ дагы, Евробиримдик да Украина менен келечек мамилеси жекшембидеги добуш берүү кандай өтөөрүнө жараша болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG