Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

ЖОГОРКУ СОТ ФЕЛИКС КУЛОВдун АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРГАН ЖОК


Кыргызстандын Жогорку соту «Арнамыс» партиясынын төрагасы, учурда 19-түрмөдө отурган саясатчы Феликс Куловдун арызын канааттандырган жок. Мындай чечимди сот коллегиясы бүгүнкү отурумунда чыгарды. Жогорку сотко Кулов бул ирет 19-түрмө жетекчилигинин чечимине байланыштуу Сокулук райондук сотунун токтомун жокко чыгаруу сунушу менен кайрылган. Токтомдо түрмө жетекчилиги Феликс Куловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу учуру 2005-жылдын 12-ноябрына дал келет деген бүтүм чыгарган.

Түрмө жетекчилигинин мындай чечимди Феликс Куловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу учурун аныктап берүү тууралуу арызына таянып чыгарган. Саясатчынын жана анын тарапкерлеринин эсептөөлөрүнө караганда Феликс Куловдун шарттуу бошонуу мөөнөтү ушул жылдын август айына дал келмек. Ушундай эле пикирди буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да айткан.

Адвокат Любовь Иванованын айтымында, Кылмыш кодексинин 61-беренеси боюнча сот чечимине чейинки камакта отурган учурунун ар бир күнү эки күн катары саналат. Ушул негизге таянган адвокат Иванова сотто 19-түрмө жетекчилиги 1 жыл 4 ай 26 күндү кем эсептегенин, мындай мыйзам бузуу эларалык нормаларга да кайчы келет деди:

- Эларалык укук боюнча Куловду камакта мөөнөтүнөн мурда ашыкча кармоо жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эларалык пакттын 9-беренесинин биринчи пунктуна каршы келет.

Бул жерде белгилеп койчу бир жагдай - жооп берүүчү тараптын өкүлү катары катышкан 19-түрмөнүн кызматкери Азизбек Давлетов соттун суроолоруна берген жообунда Феликс Куловдун шарттуу бошонуу мөөнөтү ушул жылдын августуна дал келерин айтты.

Бирок мындай билдирүүнү жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жооптуу кызматкери Анвар Закиров жаңылыштык катары санап, 19-колониянын токтомунда ката жок деди:

-Куловго чыккан өкүмдөр боюнча өз-өзүнчө санак жүргүзүүнү туура көрүп атышат. Акыркы өкүмдө Биринчи май райондук соту мунун баарын эсептеп чыккан. Биз ошонун негизинде санадык.

Токтомдун туура экенин башкы прокуратуранын өкүлү Абай Аппаков да бышыктады.

Феликс Куловду биринчи жолу 2001-жылдын 11-январында Бишкек горнизондук аскер соту 7 жылга, ал эми 2002-жылдын 8-августунда Бишкек шаардык соту 10 жылга кескен.

Феликс Куловду жактоочулар анын маселесин ырасмий бийликтин тапшырмасы менен жасалган саясий иш катары баалап келатышат. Жогорку соттун акыркы чечимин да алар келерки парламенттик жана президенттик шайлоолор алдындагы бийликтин атайын аракети катары баалашты. Алардын бири Любовь Иванова:

-Бул - Куловго карата кезектеги эле мыйзамсыздык. Мен көп ирет айтып жүрөм, Куловго келгенде биздин республикада мыйзамдар иштебейт.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Шакен Өмүралиева сот системасы өлкөдө коммерциялык же саясий жол менен гана чечилет жана Жогорку сот Куловго байланыштуу экинчи жолду тандап алды деген ойдо:

- Биз бул сотко келатканда башкача чечимди күткөн да эмеспиз. Бийлик бардык мамлекеттик институттарды, анын ичинде мамлекеттин эң коррупциялашкан сот системасын билген үчүн ушундай ойдо келгенбиз.

Сот коллегиясына катышкан «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын пикиринде, сот акыйкатсыздыгын аныктоо үчүн эларалык эксперттерди чакыруу керек:

- Эларалык эксперттерди чакырып, бүгүнкү Жогорку соттун чечимин экспертиза жасоо керек. Экинчиден, ГУИНдин ишин иликтемейинче болбойт. Бул жерде жалдгыз эле Феликс Шаршенбаевич жөнүндө кеп болуп жаткан жери жок, азыр түрмөдө миңдеген кишилер мыйзамсыз отурушат.

Белгилеп койчу дагы бир жагдай - бул күнү Феликс Куловго байланышкан пикирин президент Аскар Акаев да Германияда иш сапары менен жүргөн учурунда билдирди. Ал «Немецкая волна» радиосуна берген интервьюсунда Куловду «кадимки коррупциянер» деп баалады.

Сот коллегиясынын соңунда адвокат Иванова журналисттерге Куловдун ишине байланыштуу мындан ары кандай кадамдар жасалары тууралуу маалымат берген жок. Бирок анын айтымында, Феликс Куловдун укугун коргоо суранычы менен жактоочунун Бириккен Улуттар Уюмуна жолдогон катын баш кеңсеси Женевада жайгашкан адам укугун коргоо комиссиясы 11-ноябрда кароого алды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG