Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

Ж.БУСУРМАНКУЛОВ: «ТУРСУНБЕК АКУНДУН ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУШУНА КҮЧ ОРГАНДАРЫНЫН ТИЕШЕСИ ЖОК»


Укук коргоочу Турсунбек Акун дагы деле дайынсыз болуп жатат. Буга байланыштуу 22-ноябрда ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, укук коргоочу Кыргызстандын күч органдары тарабынан кармалган эмес.

Укук коргоочу жана «Элдик патриоттук кыймылдын» жетекчиси Турсунбек Акундун дайынсыз жоголуусу коомчулукту дагы деле тынчсыздандырууда. Анын жакындары жана башка укук коргоочулар Турсунбек Акундун белгисиз жоголуп кетүүсүн коопсуздук кызматы менен ички иштер органдарынан көрүп жатышкан. Ушуга байланыштуу 22-ноябрь күнү ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов маалымат жыйынын өткөрдү.

Бусурманкуловдун айтуусунда, укук коргоочунун жоголушуна Кыргызстандагы мамлекеттик жана күч органдарынын тиешеси жок:

-Турсунбек Акундун жок болуп кетишине, аны катып салууга кызыкдар бир дагы мамлекеттик, укук коргоо же күч органы жок. Ошондуктан бүгүнкү күндө Турсунбек Акун ички иштер министрлиги тарабынан да, мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан да кармалган жок.

«Элдик патриоттук кыймыл» мамлекет башчы Аскар Акаевдин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетишин талап кылып, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан тарта элден кол чогулта баштаган эле. ИИМдин маалымат катчысынын айтуусунда, ушундай саясий кырдаал күчөп турган мезгилде укук коргоочуну кармап, анын саясий рейтингин көтөрүүгө эч ким кызыкдар эмес:

-Өзүңүздөргө белгилүү, мурдагы жумада Турсунбек Акун президентке каршы кол чогултуп жаткан. Анан ушундай болуп кырдаал өзү толкундап, ал саясий иштерин активдештирип турган маалда аны кармап, Турсунбек Акунга дагы кошумча упай берүү дөдөй кишинин колунан келчү иш,-деди Жолдошбек Бусурманкулов.

Учурда укук коргоочуну издөө иш-аракеттери ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жатат. Маалымат катчысынын айтымында бардык ооруканалар жана башка тиешелүү тармактар текшерилип, улуттук коопсуздук жана чегара кызматтарына, Казакстан, Өзбекстан жана башка жакынкы чет өлкөлөрдүн ички иштер кызматтарына суроолор жиберилген.

Бирок укук коргоочу уюмдар, Турсунбек Акун өзү жетектеген «Элдик патриоттук кыймылдын» мүчөлөрү анын дайынсыз жоголуусуна мамлекеттик күч органдары тиешелүү деген ойдон кайтыша элек.

-Бизде бир эле божомол бар: Турсунбек Акунду Кыргызстандын атайын кызматы эле уурдап кетти. Буга себеп: биздин кыймыл Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетсин деп элден кол чогултуу акциясы деп эсептейм. Күнүнө бир миң-эки миңден киши кол коюп, акция абдан ийгиликтүү жүрүп жаткан. Мына ошондон коркуп эле Турсунбек Акунду уурдап кетишти,-дейт «Элдик патриоттук кыймылдын» башкы идеологу Нурлан Мотуев.

Угармандардын эсине сала кетели: укук коргоочу жана «Элдик патриоттук кыймылдын» жетекчиси Турсунбек Акун 16-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында УККнын кишилери менен жолугам деп чыгып кеткен боюнча, кайра кайрылып келген эмес. Турсунбек Акундун жубайы Гүлмира Жапар кызы 18-ноябрда Свердлов РИИБнө күйөөсүнүн жоголгону тууралуу арыз менен кайрылган. Анын айтымында азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG