Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Салык саясатын коомдук кеңеш тескейт


БИШКЕК. Кыргызстандын каржы министрлигинде салык саясаты боюнча коомдук-эксперттик кеңеш ишке киришти. Мындай маалыматты бүгүн министрликтин басма сөз кызматы таратты. Коомдук-эксперттик кеңеш алгачкы жыйынында кеңештин иштөө тартибин бекитип, Салык кодексининин жаңы редакциясын даярдоонун жүрүшү тууралуу жумушчу топтун маалыматын укту.

Салык саясаты боюнча коомдук-эксперттик кеңеш «Салык реформасы-кийинки кадам» аттуу «тегерек стол» жыйынынын чечими менен ушул жылдын жайында түзүлгөн. Анын милдети – фискалдык-бюджет саясаты боюнча мамлекет менен ишкер чөйрөнүн талаптарын шайкеш келтирүү, салык саясатын жүргүзүүдө ишкер чөйрөнүн катышын камсыз кылуу жана салык саясаты жөнүндөгү концепцияны иштеп чыгууга көмөктөшүү.

XS
SM
MD
LG