Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:30

Кыргыз прокуратурасына 80 жыл


БИШКЕК. Бүгүн - кыргыз прокуратурасынын түзүлгөнүнө 80 жыл толду. Бул датага арналып башкы прокуратуранын имаратында бул органдын тарыхына арналган музей ачылды. Андан тышкары салтанаттуу жыйын Тарых музейинде өтүп, президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымов коррупцияга каршы күрөштө прокуратуранын салымы чоң экендигин белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев келерки жылкы парламенттик шайлоонун адилет өтүшүнө прокуратура органдары көп аракет жумшоосу зарыл экендигин билдирди.

Салтанаттын соңунда эмгеги менен айырмаланган бир нече кызматкерге мамлекеттик сыйлыктар берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG